Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-август
Баткен

Элдик уламыш: Баткендин Бужум айылын Манас баатыр экинчи Бээжин деп атаган (фото)

Turmush -  Баткен районунун Бужум айылынын аталышы жөнүндө эл арасында эки уламыш айтылып жүрөт. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына жергиликтүү тургундар билдиришти.

Уламыштардын бири Манас баатырдын Бээжин шаарына болгон сапары менен байланыштырылат. Манас баатыр Бээжин шаарынан өтүп, азыркы Бужум айылына келгенде: «Экинчи Бээжинди көрдүм», - деген экен. Анын негизинде Бээжин деген сөз тыбыштык жактан өзгөрүп, Бужум деп аталып калган.

Ал эми, экинчи уламыш боюнча Бужум айылында майда жалбырактуу бужугун деген терек өсөт. Дарактын аталышы да тыбыштык жактан өзгөрүп, айыл Бужум деп аталып калган.

V-VI кылымда айылда 5-6 гана түтүн жашап, айылдын төмөн жагы саздуу болгон. Бүгүнкү күндө Бужум айылы Баткен районундагы эң ири айылдардын катарына кирет. Анын күн чыгыш тарабы Андрей, Калинин, күн батыш тарабы Ынтымак, Омонок, түндүк-батыш тарабы Алтике жана Кокту айылдары менен чектешип, калкынын саны 12 миңден ашат. Бужум айылында азыркы күндө Кара-Булак айыл өкмөтүнүн имараты, оорукана, Бужум орто мектеби жана Шарап Токсонов атындагы орто мектептин имараты, «Кыргызтелекомдун» филиалы, 2 бала бакча, айылдык базар, №30630 аскердик бөлүк жана «Таза суу» ишканасы жайгашкан.

Айыл эли негизинен дыйканчылык жана мал чарбасы менен алектенет.

Жайыттары: Ичке-Суу, Тамчы, Күңгөй жана Тескей Танги, Туз-Бел жана Жүрөк-Ой.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 22593
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Элдик уламыштар
Көп окулду
×