Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Баткен

Айыл турмушу: Баткендик Ы.Маркаев дарактардын тамырларына экинчи өмүр берип, 2 миң сомдук сувенирлерди жасайт (фото)

Turmush -  Баткендин Кара-Токой айылынын тургуну Ысман Маркаев бак-дарактардын тамырларына экинчи өмүр берип, ар кандай буюмдарды жасайт. Табылган тамырдын өзгөчөлүгүнө карата буюмдарды жасоо үчүн ойлонууга бир жумадан ашык убакыт керектелет. Анын эмгектери менен аймактык кабарчы таанышты.

«Талаага чыкканда тамырларды издеп, алардын түзүлүшүнө карап жасай турган буюмду аныктайм. Окшоштуктарды тапсам жасап бүтүү оңой эле. Бирок, ошол окшоштуктарды табуу кыйынчылык туудурат. Бул өнөргө кызыкканым үчүн өз алдымча тез үйрөнүп кеттим», - деди ал.

Ысман мырза кол өнөрчүлүк менен алектенип жатканына 5 жыл болду. Тамырдан жасалган сувенирлерди 1000-2000 сомдон жогору баалайт. Учурда анын бул өнөрүн үйрөнүп жаткан шакирттери көп. Жасаган сувенирлерине «Бийчи кыз», «Маугли», «Маймыл», «Кыз-жигит», «Баатыр жана бүркүт», «Бала жана апа» сыяктуу ысымдарды ыйгарган. Анын эмгектеринин саны болжол менен 60тан ашып калды. Сувенирлерди бычак менен гана жасайт.

«Тамырдан жасалган буюмдар кайталангыс, аларды кайталап жасоо мүмкүн эмес. Андан улам жасалышына жараша баасын белгилейм», - деди ал.

Уста мындан сырткары дыйканчылык менен алектенет.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3391
Көп окулду
×