Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-август
Баткен

Жубайлар: Баткендик жубайлар Москвадан кайтып келип, самса жасап сатуу менен 50 миң сомдон пайда таап жатышат (фото)

Turmush -  Баткен районунун Бужум айылындагы жубайлар — 36 жаштагы Майрамкан Рыскулова менен 41 жаштагы Асылбек Дүйшеев самсакана иштетип, айына 50 миң сомго чейин киреше табышат. Аймактык кабарчы алардан кабар алды.

Майрамкан айымдын айтымында, жолдошуна самса жасаганды өзү үйрөткөн.

«Буга чейин Ошто самсачыга жардамчы болуп иштеп жүрүп, самсаны түйгөндү да, бышырганды да өздөштүрүп алгам. Анда жолдошумдун өзүнүн жумушу бар эле. Кийин Москвага кеттик. Ал жакта жүрсөк, жолдошум «Москвадагы акчаны Кыргызстанда да табууга болот» деп, самсакана ачууну сунуштады. Мен да дароо анын оюна кошулдум. Анткени мен самса жасоонун бардык жол-жоболорун билчүмүн. Ошентип 2 жылдан бери чакан самсакананы иштетип келебиз (ижара акы төлөшөт). Башында күйөөм самса бышырууну билчү эмес. Мен ага жол-жоболорун айтып, кээде көрсөтүп жүргөм. Азыр ал самсанын камырын жууруп, бышырып берет. Мен кошулмаларын даярдап, түйүп, жапканга даярдап берем. Күнүнө 300 даана самса жабылат. Самсадан тышкары аш, пирожки, жана шишкебек жасалат. Баардыгы 50 сомдон сатылат», - деди ал.

Жубайлар 3 кыз, 2 уулдун ата-энеси.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4483
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×