Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Баткен облусуБаткен району 21.12.2017 15:30

Чек айылындагы жаңы конуштарга таза суу чыгарылды

Turmush -  Баткен районунун Чек айылынын Өрүкзар жана Ак-Тилек жаңы конуштарына таза суу чыгарылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, эл кол кабыш кылып, 3 чакырым аралыкка түтүктөр орнотулду. Буга чейин 15 чакырым алыстыктан суу ташып ичишкен. Айылдын жогору жагындагы суу кампанын көлөмү аз болгондуктан суу күнүнө сааты менен гана берилүүдө.

«Айыл түптөлгөндөн бери эле таза суу көйгөйүн тартып келебиз. 15-20 чакырымдан сууну ташып ичип жүрдүк. Унаасы барларга идиштери менен кошо акчасын берип алдыргандар да болчу. Мына эми өз көчөбүздөн таза суу чыгып жатат», - деди жаңы конуштун тургуну Бүүажар Исакбаева.

Бир күндө 2 саат берилген суу кийинки күнгө чейин кенен жетет. Мындан улам күнүмдүк керектөөдөн сырткары мал-жандыктарыбызга да жетүүдө дешет тургундар.

Дара айыл аймагынын таза суу ишканасынын башчысы Аззам Амиралиевдин айтымында, айылга суу 14 чакырым аралыктан Баткен шаары аркылуу келет. Кампанын көлөмү аз болгондуктан азырынча түшкү саат 12:00дөн 14:00гө чейин гана берилүүдө. Сууну үнөмдөө үчүн ар бир көчөгө 3 жерден суу чыгарылган.

3 чакырым аралыкка суу чыгаруу үчүн өкмөттөн 320 миң сом, «Дара» таза суу ишканасынан 120 миң сом сарпталган. Суу түтүктөрдү орнотууда кол кабыш көрсөткөн жергиликтүүлөрдүн кызмат акылары БУУнун азык-түлүк программасы тарабынан каржыланган.

Баткен районунун Дара айыл аймагында 9 айыл таза суу менен камсыз болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×