Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-февраль
Баткен

Баткендеги милиционерлер Ак-Татырдагы окуучуларга жаңы жылдык белектерди тапшырды

Turmush -  Бүгүн, 25-декабрда Баткен ОИИБдин кызматкерлери Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагындагы Т.Садыков атындагы орто мектебинин окуучуларына жаңы жылдык белектерди тапшырды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга түзүмдөн билдиришти.

Маалыматка караганда, белек алган окуучулар райондо өткөрүлгөн олимпиададан алдыңкы орундарды алышкан. Окуучулар менен кошо мугалимдерге да акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Т.Садыков атындагы орто мектепте жалпысынан 754 мектеп окуучусу билим алат. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чараларынын негизинде быйыл аталган мектепте кылмыштуулук катталган эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 675
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×