Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Баткен облусуБаткен району 28.12.2017 17:04 На русском

Жеңеке: 12 жыл мурда турмушка чыккан Жыргалай жеңенин үлпөт тою митинг менен коштолгон (фото)

Turmush -  Баткен районунун Бужум айылына келин болгон 35 жаштагы Бурканова Жыргалай жеңенин үлпөт тою митинг менен коштолгон. Аймактык кабарчы жеңеке менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Баткен шаарында чоңойгон. Жолдошу Данияр Маликов менен 2005-жылы 19-март күнү баш кошкон. Дал ошол күнү Баткен шаарында ал кездеги президент Аскар Акаевдин бийлигине каршы митинг өткөн.

«Биздин тойдо Баткен шаарынын борбордук көчөлөрү жабылып, ЖААКка да барган эмеспиз. Тойго чыккан 14 унаа трасса менен жүрүп, шаардын четтерин айланганбыз. Жаштар баруучу Манас эстелигинде спецназдар менен аралашып жүргөнбүз. Алар тойдун көркү болушкан. Алар ак көйнөкчөн келе жатсам жолдун эки тарабына тизилип, «невестка» деп кыйкырып турушкан. Жолдошум экөөбүз эстеп күлүп калабыз», - деди ал.

Жыргалай жеңе 1 уул , 1 кыздын апасы. Жубайлар бала-чакасы менен акыркы 10 жылдан бери Москва шаарында жашап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Сервера временно не доступны

По техническим причинам все серверы АКИpress сейчас заняты и не могут ответить на Ваш запрос. Приносим свои извинения за доставленные неудобства.

Попробуйте зайти позднее.

Администрация сайта АКИpress



All AKIpress servers are currently busy and cannot respond to your request due to technical difficulties. We apologize for any inconvenience.

Please, try again later.


Техникалык себептерге байланыштуу АКИpress'тин бардык серверлери бош эмес жана Сиздин чакырыкка жооп бере албайт. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.

Бир аздан кийин кайталап көрүңүз.