Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Баткен облусуБаткен району 04.01.2018 22:00 Жаңыланды: 11.01.2018 10:37

Элдик уламыш: Согмент айылында мурда цамгар уруусу жашаган (фото)

Turmush -  Баткен районунун Согмент айылында азыркы Тажикстандагы цамгар уруулары жашап өтүшкөн.

Айылдагы тарыхчы Айымсаад Айбашеванын айтымында, айылдын табияты кургакчыл болгондугуна байланыштуу ал уруулар көчүп кетүүгө аргасыз болушкан.

«Айылдын так ортосунан орун алган Асказан дөңсөөсүнүн айланасы жаңгак болгондугу, анын айлынасында цамгар уруулары жашагандыгы айтылат. Алар көп жылдар бою жашап, бирок табигаттын кургакчыл болгондугуна байланыштуу жашаган жеринен көчүп кетишкен. Кийин ал жер эл оозунда «цамгарлар жашаган жер» деп аталып жүрүп, бара-бара Согмент деп аталып калган. Бул уруулар азыркы Тажикстандын Худжант аймагына көчүп кетишкендиги маалым. Бара-бара бул жерге нойгут уруулары отурукташкан», - деди ал.

Элеттиктер айылдагы Кара-Суу булагы аркылуу суу менен камсыз болушат. Аталган булак убагында кыргыздарга гана эмес, коңшулаш өзбек айылдарына да пайдасын тийгизип турган.

Айылдагы мугалим Эркебай Турсунбаев аксакал согменттиктердин ата-бабаларын иликтеп отуруп, айылдагылар кыпчак, таз, легмен, чардагай, чайырчы, акназар, моокан, найман, нойгут, кырксадак, карамоюн жана манаш деген 12 уруудан тарагандыгын тактап чыкты.

Согмент айылында 500дөй кожолук жашайт. Элетте ФАП, маданият үйү, мектеп, почта, телефон түйүнү, жана тегирмен бар. Элдин демилгеси менен курулган мечитке коңшу айылдагылар да келип намаз окуп кетишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Сервера временно не доступны

По техническим причинам все серверы АКИpress сейчас заняты и не могут ответить на Ваш запрос. Приносим свои извинения за доставленные неудобства.

Попробуйте зайти позднее.

Администрация сайта АКИpress



All AKIpress servers are currently busy and cannot respond to your request due to technical difficulties. We apologize for any inconvenience.

Please, try again later.


Техникалык себептерге байланыштуу АКИpress'тин бардык серверлери бош эмес жана Сиздин чакырыкка жооп бере албайт. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.

Бир аздан кийин кайталап көрүңүз.