Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-февраль
Баткен

Айыл турмушу: Баткендик Козубай ата кыздарынын себин өзү тигип даярдаган (фото)

Turmush -  Баткен районунун Самаркандек айылындагы 70 жаштагы Маматов Козубай ата 50 жылдан бери тигүүчүлүк менен алектенет. Аймактык кабарчы кол өнөрчү атадан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, кыздарга сеп даярдайт. Бул анын тубаса таланты. Анын колунан чыккан төшөктөр, курактар жүздөгөн үйлөрдө кездешет. Жубайы менен биргеликте буйрутмаларды алып, күнүнө 5 миң сомдой киреше табышат.

«Мектептеги курагымдан эле тигүүчүлүк менен алектенчүмүн. Таенем бычмачы болгон, энем териден чапан тикчү. Бул менин тубаса талантым. Кыздарымдын себин өзүм даярдагам. Сайма сайып, курак курап, көрпө каптап, кийимдерди тигем. Аялым кол кабыш кылып, буйрутма алып, кыздарга сеп даярдайбыз. Бешикке керектүү буюмдарды да тигип, ар ишемби күнү Самаркандек базарына алып чыгып сатабыз. Күнүнө 5 миң сомдой киреше табабыз», - деди ал.

Чебер аксакал СССР учурунда 60ка жакын кыз-келинди Баткен районундагы тигүү цехинде иштетчү. Кийин кесиптик окуу жайда студенттерге бычмачылыкты үйрөтүп, мугалим болуп иштеген. Акыркы 5 жылдан бери үйүндө шакирттерди даярдайт.

«Мен бул өнөрүм менен 5 баламды окуттум, үй-жайлуу болдум, тиричилигимди ушул өнөрүм менен өткөрдүк», - деди аксакал.

Козубай ата 2 кыз, 3 уулду тарбиялап өстүргөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1573
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×