Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-февраль
Баткен

Баткенде тажикстандыктардан өйдө келип соода кылган базардын шартын жакшыртуу керек

Turmush -  Баткен районундагы Самаркандек айыл аймагында жайгашкан «Самаркандек» базарында шарттар толук кандуу түзүлгөн эмес. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маалыматка караганда,базардын кээ бир бөлүктөрүндө атайын орундуктар болгону менен көпчүлүк товарларга орун жоктугунан жерге коюлуп сатылат. Бул базарга кошуна Тажикстандан жана Лейлек, Баткен райондорунан адамдар келип соода кылат. Эл оозунда бул базар «Достук» базары деп да аталып келет. Эки элдин соода-сатыгын жүргүзүп турган базардагы сатуучулар тиешелүү тараптардын товарлар үчүн атайын орундуктарды жасап берүүнү суранышат.

«Товарларды жерге жайып сатууга аргасызбыз. Бул базарга кыргыз, тажик сатуучулары да келишет. Базарга эл көп келгендиктен жерге коюлган товарлар да өтө берет. Эгер шарт түзүлсө сатуучуга да, алуучуга да ыңгайлуу болмок», - деди сатуучу Машрап Каламов.

Ал эми, Самаркандек айыл аймагынын башчысы Насирдин Орозов билдиргендей, аталган базарга буга чейин шарттар түзүлүп келген. Алдыда дагы шартты оңдоо үчүн аракеттер көрүлөт. Бул маселе айылдык кенештин сессиясында каралган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1476
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×