Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-февраль
Баткен

Айыл турмушу: А.Турсунов Каныкей апа Семетей менен качып баратып кечкен дарыядан балык кармап келип сатат (фото)

Turmush -  Тажикстандын Исфара районунун тургуну Абдурасул Турсунов Сыр дарыядан кармаган балыктарды Баткен районунун Самаркандек айылына алып келип сатуу менен киреше табат. Аймактык кабарчы балыкчы менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, балыкчылык менен 25 жылдан алектенет. Бул ишинен айына 50 миң сомго жакын киреше табат. Соода тажик базарына салыштырмалуу Кыргызстанда жакшы болот.

«Мен көп жылдан бери Кыргызстанга келип соода кылам. Чек арадан жеңил өтөбүз. 5 күн Тажикстандын базарына чыксам, ишемби күндөрү Самаркандек базарына келем. Бул жакта кардарлар көп болгондуктан көбүрөөк киреше табам. Мисалы алып келген 50дөй балыгымдын баары өтөт. Балыктардын чийкилерин 200 сомдон сатсам, бышканын 250 сомдон сатам. Балыктан сырткары килкилдек (холодец), нокот бышырып келем. Алардын килограммы 200 сомго чейин сатылат», - деди ал.

Сыр дарыя Орто Азиядагы чоң дарыялардын катарына кирет. Ал «Манас» эпосунда Каныкей уулу Семетейди алып, Букарга качып бара жатканда кечип өткөн дарыя катары сүрөттөлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1662
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×