Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Баткен облусуБаткен району 09.01.2018 16:38

Самаркандектеги жайкы маданият үйү жарактан чыгып, пайдаланылбай турат

Turmush -  Баткен районундагы Самаркандек айылынын жайкы маданият үйү акыркы 5-6 жылдан бери жарактан чыгып, пайдаланылбай турат.

Самаркандек айыл аймагынын башчысы Насирдин Орозов билдиргендей, өз учурунда маданий иш-чаралар байма-бай өткөрүлүп келген 200 орундуу маданият үйү 1980-жылдары курулган. Маданият үйү кайрадан оңдоодон өткөрүлүп, пайдаланууга берилет.

«Жайкы маданият үйүн ижарага сурап, бузууну сунуштагандар да болгон. Бирок айыл өкмөттүн карамагында турган үйдү эч кимге берген жокпуз. Жыл сайын майда оңдоо иштери жүргөнү менен капиталдык оңдоодон өтө элек. Буйруса каражат жетишсе элдин керегине жарай турган кылабыз. Бирок учурда каражат тартыш болуп жатат», - деди Орозов.

Айылда мындан башка дагы кышкы маданият үйү бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×