Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Баткен облусуБаткен району 09.01.2018 18:04 На русском

Фото — Самаркандектеги тигүү фабрикасы тонолуп, унаа токтотуучу жайга айланды

Turmush -  Баткен районунун Самаркандек айылындагы тигүү фабрикасынын имараты толук курулуп бүтпөй, бүгүнкү күндө таланып-тонолуп, жараксыз абалда турат. Бул тууралуу Самаркандек айыл аймагынын башчысы Насиридин Орозов билдирди.

Анын айтымында, 20 жыл мурда курулушу башталган имараттын чатырынан суу агып, базарчылардын унаа токтотуучу жайына айланган. Кароосуз турган имараттын айланасы базар болгондуктан, базарчылар ал жерге унааларын коюшат.

«18 сотыхты ээлеген бул имарат СССР убагында тигүү фабрикасы үчүн курулган. Бирок курулуш толук бүтпөй токтоп калган. СССР ыдырагандан кийин имарат айыл өкмөттүн карамагына өткөн. Аны кийин 4 айылдын элине базар кылып беришкен. Бирок имарат таланып-тонолуп, 1996-жылдан баштап иштебей калды», - деди Орозов.

Аталган «Самаркандек» базарына баткендиктер эле эмес, кошуна Тажикстандан да адамдар келип соода кылып кетет. Бирок базарда соодагерлер үчүн тийиштүү шарттар түзүлгөн эмес. Сатуучулар товарларды атайын орундар жок болгондуктан жерге коюп сатышат. Бирок аны оңдоп-түздөөгө айыл өкмөттө акча тартыш.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×