Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Баткен

Баткендик милиционерлер окуучуларга кылмыштуулуктан алыс болууну эскертишүүдө

Turmush -  Баткен ОИИБдин кызматкерлери Кара-Бак айылына барып, жергиликтүү тургундарга профилактикалык иштерди жүргүзүштү. Бул тууралуу милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кара-Бак айылында 940 окуучу бар. Милиция кызматкерлери алар менен жолугушуп, кылмыштуулуктан оолак болууну эскертишти. Окуучу кыздар менен өзүнчө жыйын өткөрүп, суицид, кылмыштуулук жана турмушка эрте чыгуу боюнча кеңири түшүнүктөрдү берип, талкууларды жүргүзүштү.

Ошондой эле, Кызыл-Бел айылындагы А.Масалиев атындагы орто мектепке барышып, ал жердеги мектеп окуучулар менен кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Профилактикалык иш-чаралар 3 күнгө созулат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1038
Көп окулду
×