Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Баткен

Баткендин Чоң-Кара айылына сугат суу Өзбекстандан келип, көйгөй жаралууда

Turmush -  Баткен районунун Чоң-Кара айылында сугат суунун жетишсиздигинен дарактан башка эч нерсе өспөй, дыйканчылык кылууга шарт жок.

Элеттиктердин айтымында, айылга насостун жардамы менен жаз айында гана суу келип, насос бузула бергендиктен суу токтоп калат. Талаадан түшүм албай, куурап жаткан үлүш жерлери үчүн салык төлөп келишет.

«Үлүштөрүбүз бар, аларга кадимкидей салыгын төлөйбүз. Бирок эгин эге албайбыз. Себеби суубуз начар. Эгин 1 ай гана жакшы суу ичсе, экинчи айда насостогу суу токтоп калат. Эгер талаабызга суу жетсе түшүмүн алып, салыгын эки эселеп төлөмөкпүз», - деди айылдын тургуну Гүлнара Юсубалиева.

Чоң-Кара айылынын башчысы Сайитали Ибрагимовдун айтымында, суунун башы Өзбекстанга карап тургандыктан, насос бузулган учурда техникаларды алып өтүү кыйынга турат. Ошол себептен коңшу мамлекеттин техникаларын колдонууга туура келет. Мындан улам үзгүлтүксүз сугат суу менен камсыз кылуу аракеттеринен майнап чыкпай келүүдө.

«Кышында да, жазында да насостун жардамы менен суу ичебиз. Сугат суудан өтө катуу кыйналабыз. Себеби суунун башы Өзбекстанга карайт. Бизде чек ара маселеси да кыйын. Техникаларды алып өтпөстөн алардын техникаларын колдонууга туура келет. Азыркы күндө үлүш жерлерге өрүк көчөттөрү гана эгилген. Суунун жоктугунан башка эгиндерди эгүү көйгөй жаратат», - деди ал.

Баткен райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы Султанбек Эрматовдун билдиришинче, Чоң-Кара айылы «Ак-Көл» насостук станциясы менен сугарылат. Буга чейин айылга келүүчү 12 чакырымга чукул канал КРОЗ долбоорунун негизинде курулуп баштаган. Каражаттын жоктугунан ал да 2010-жылы токтоп калган. Аталган долбоор 2028-жылга чейинки мамлекеттик программага киргизилген. Эгер каражат маселеси чечилсе кайрадан ишке ашуусу мүмкүн.

«Чон-Кара айылы Ак-Көл» насостук станциясы менен сугарылат. Учурда станцияда 3 агрегат бар. Анын экөөсү иштеп, 1 агрегаты резервде турат. Айылда өз нугу менен келген канал болбогондуктан, кышкы сугат ноябрь айында токтоп, апрель айында сугат мезгили башталганда суу бериле баштайт. Буга чейин 11 км 600 метрлик канал курулуп баштап, бирок каражаттын жоктугунан токтоп калган. Эгер каражат каралса кайрадан курулушун баштайт», - деди ал.

800гө чукул тургуну бар Чоң-Кара айылынын 130 гектардай эгин талаасы бар. Анын 40 пайызында өрүк көчөттөрү гана тигилген. Суунун жетишсиздигинен көчөттөр да куурап жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1144
×