Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Баткен облусуБаткен району 24.01.2018 10:33

Баткендин Чек айылындагы байланыш антеннасы айрымдардын нааразычылыгын жаратууда

Turmush -  Баткен районунун Чек айылынын 20га жакын тургуну айылга орнотулган уюлдук байланыш антеннасын коопсуз жайга жылдырууну талап кылышууда.

Алардын айтымында, антенна суу түтүктүн үстүнө орнотулгандыктан курулуш учурунда түтүк жарылып, суу келген убакта жер астынан суу чыгып жатат.

«Менин үйүм антеннага жакын жайгашкан. Мунара курулуп жатканда элдин оюн угушкан эмес. Ал курулган жерден суу түтүгү өткөн. Курулуш учурунда ал түтүкчө да жарылып, антеннанын түбүнөн суу чыгып жатат. Суу чыккандан кийин кооптонуп калдык», - деди айыл тургуну Ашим Сейитмуратов.

Элеттиктер байланыш мунарасынын ден соолукка зыяндуу экендигин айтышып, анысы жок деле жашай турганын билдиришти.

«Ден соолукка зыяны өтө күч болот. Муну интернеттен көрүп, билип отурабыз. Айылдан алып чыгып эле кетишсе тынч жашамакпыз. Бирок тийиштүү тараптар баары эле арызыбызды жаап салууда. Биз болгону коопсуздукту ойлоп жатабыз. Айылдын четине жылдырып коюшса баарыбыз үчүн жакшы болмок», - деди айыл тургуну Азимбай Парманов.

Нааразычылык жараткан мунара айылдык кеңештин депутаты Дара айылдык кеңешинин депутаты Абдиламит Саттаровдун короосуна орнотулган. Үй ээси нааразы тараптын айткандарында негиз жок деп эсептейт. Анткени компания уюлдук байланыш антеннасын бардык архитектуралык талаптар менен курган жана анын кулап кетүү коркунучу жок. Суу түтүкчө тешилип, бирок аны кайрадан оңдошкон. Түтүктүн антеннага эч кандай тиешеси жок.

«Компаниядан жаштар айылга интернет ылдамдыгын жогорулатууну сурашыптыр. Ал компания бул жерден байланыш жакшы болорун айтып, менин короомо коюуну сурашкан. Мен айылдагыларга жакшы болот деген максатта макулдугум бергем. Бирок булар даяр турган байланышты жок кылабыз деп жатышат. Мага анын пайдасы да, зыяны да тийбейт. Эгер бардык эл зыян деп жылдырышса ага да каршы эмесмин», - деди Саттаров.

Бирок айыл өкмөттөн мунаранын аянты короо жайдан сырткары да чыгып кеткенин билдиришти. Ал жерди Абдиламит Саттаровго ижарага беришкен. 20 метр квадрат аянт үчүн айыл өкмөткө жыл сайын 3 миң сом ижара акы төлөйт.

«Ал жер кызыл тилкедеги жер болгон. Биз анын 20 метр квадратын ижарага бергенбиз», - деди Дара айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Абдижапар Тажибаев.

Ал эми, ижарага алуучу Абдиламит Саттаров эл үчүн байланыш мунарасын орнотууга өзүнүн жеке менчик тилкесинен уруксат бергендигин, ашыкча жери үчүн өкмөткө ижара акы төлөп жаткандыгын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×