Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Баткен

Бөрүлүү мезгил: Баткендин Кара-Булак айылында карышкыр көбөйдү

Turmush -  Баткен районунун Кара-Булак айылында карышкырлар көбөйүп, малга кол салууда. Бул тууралуу Кара-Булак айылынын башчысы Замир Абдырахманов билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы айылда 70 мал карышкырга жем болгон. Быйылкы жылдын башынан бери 14 жылкыга кол салган.

«2 жылдан бери айылда карышкырлардын малга кол салуусу күчөдү. Былтыр 70 малга кол салынса, анын 90%ы жылкылар болгон. Анткени айылдагылар жылкыларын бош коюшат. 2 же 3 жылкыны бир жерде жеген учурлар да болуп жатат. Жылкы жалгыз карышкырга каршылык көрсөтүп жем болбойт. Демек карышкырлар топ болуп жүрүшөт. Жайытта эле эмес айылдык четтериндеги малга да кол салууда.

Жергиликтүүлөр өз алдынча аңчылыкка чыгышат. Жыл башынан бери жергиликтүүлөргө атууга уруксат берилип, 7 карышкыр атылды. Жаратылышты коргоо агенттиги менен биргеликте да аңчылыкка чыгып жатабыз. Бирок жыйынтык болбой жатат», - деди Абдырахманов.

Айылда 900 кожолук болсо алардын көпчүлүгү мал чарба менен алектенишет.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1068
Көп окулду
×