Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Баткен облусуБаткен району 25.01.2018 09:05

Бөрүлүү мезгил: Карышкыр көбөйгөн Кара-Булак айылында атайын аңчылык уюштурулуп жатат

Turmush -  Баткен районунун Кара-Булак айылындагы малдарга кол салып жаткан карышкырлардын экөө атайын рейд учурунда атылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу департаментинин Баткен облусундагы өкүлү Бактыяр Козубаев билдирди.

Анын айтымында, жергиликтүү мергенчилер менен департаменттин кызматкерлери тарабынан аңчылык кызуу жүрүүдө. Карышкырлар көбөйүп, малдарга кол салып жаткандыгы тууралуу Кара-Була айыл өкмөтүнөн бир жума мурда арыз түшкөн. Анын негизинде кызматкерлер жергиликтүү мергенчилер менен карышкырларга ууга чыгышкан.

«Бизге жыл башынан бери чектеш Суу-Башы, Кыштут жана Кара-Булак айылынан арыз түшкөн. Ошондуктан айылдарга мергенчилер бригадасын түздүк. Алар 10дон адам болуп аңчылыкка чыгышат. Ок-дарыларын камсыздап беребиз. Кечээ Кара-Булак айылынын Кык жайлоосунан 2 бөрүнү атып келишти.

Эгерде жергиликтүү мергенчилер карышкыр атышса аларга 6000 сом, бөлтүрүккө 1500 жана чөөгө 2000 сомдон сыйлык берилет. Эгерде мыйзамсыз курал болсо, тактап айтканда мергенчинин уруксат кагазы жок болсо 10 миң сом айып пул салынат. Биз жылына облуста 100дөн ашуун карышкыр атабыз, бирок азайбай жатат. Карышкырлар жыл сайын апрель, май айында төлдөп, 4төн 8ге чейин бөлтүрүк туушат. Учурда кызматкерлер менен жергиликтүү 10 мергенчи карышкырларга карата аңчылыкты улантууда», - деди Козубаев.

2017-жылы департамент тарабынан Баткен облусунда 115 карышкыр атылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Сервера временно не доступны

По техническим причинам все серверы АКИpress сейчас заняты и не могут ответить на Ваш запрос. Приносим свои извинения за доставленные неудобства.

Попробуйте зайти позднее.

Администрация сайта АКИpress



All AKIpress servers are currently busy and cannot respond to your request due to technical difficulties. We apologize for any inconvenience.

Please, try again later.


Техникалык себептерге байланыштуу АКИpress'тин бардык серверлери бош эмес жана Сиздин чакырыкка жооп бере албайт. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.

Бир аздан кийин кайталап көрүңүз.