Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Баткен облусуБаткен району 25.01.2018 10:50

Согушта фельдмаршал Ф.Паулюсту колго түшүргөн Жумабай ата көз жумду

Turmush -  Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагында жашап жаткан согуштун акыркы ардагери Жумабай Мамытов көз жумду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, 91 жаштагы аксакал кечээ, 24-январда дүйнөдөн кайтты. Анын сөөгү бүгүн, 25-январда жерге берилет.

Буга чейин Turmush басылмасы аксакал согушка катышкандыгы жөнүндө жазган. Ардаргер өзү 15 жашында фронтко аттангандыгын айткан. Аскер кийимчен кишилер 2 жаш мугалимди, окуучулардын арасынан аны жана досун алып кетишкен. Жашы жете электигине карабастан документиндеги туулган жылын оңдоп жазып, согушка жөнөтүшкөн.

Сталинграддагы согушка катышып, фельдмаршал Ф.Паулюс баш болгон миңдеген немис аскерлерин колго түшүрүшкөн. Согуш бүткөндөн кийин да 1950-жылга чейин өлкөнү калыбына келтирүү иштерине активдүү катышкан. Ардагер ата 15 жашында согушка аттануусуна бай-манаптар себеп болгонун айткан эле. Кийинчерээк бай-манаптар аны өз балдарынын ордуна согушка жөнөткөнү белгилүү болгон.

Жумабай ата согуштан кайтып келгенден кийин пенсияга чыккычакты айдоочу болуп эмгектенген. Ал 5 уул, 3 кыздын атасы болду.

Жумабай атаны акыркы сапарга узатуу иш-чарасы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Сервера временно не доступны

По техническим причинам все серверы АКИpress сейчас заняты и не могут ответить на Ваш запрос. Приносим свои извинения за доставленные неудобства.

Попробуйте зайти позднее.

Администрация сайта АКИpress



All AKIpress servers are currently busy and cannot respond to your request due to technical difficulties. We apologize for any inconvenience.

Please, try again later.


Техникалык себептерге байланыштуу АКИpress'тин бардык серверлери бош эмес жана Сиздин чакырыкка жооп бере албайт. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.

Бир аздан кийин кайталап көрүңүз.