Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-февраль
Баткен

Айыл турмушу: Баткендик студент Кубаныч самсакана ачып, ишкерлик кылууда (фото)

Turmush -  Баткен районунун Бужум айылынын 18 жаштагы тургуну Кубаныч Мурат уулу окуусунан сырткары убакта самса жасап сатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, буга чейин кафе-ресторандарда лагман чоюп келсе, эми өзүнчө ишкердик кылууда.

«5-классымдан тарта нан жапчумун. 9-классымда Баткен аймактык колледжине тапшырып студент болдум. Окуудан сырткары кафе-ресторандарда лагман чоюп иштеп жүрдүм. Кийин интернеттен тандырга самса бышырууну үйрөндүм. Баткен шаарындагы самса жапчуларга барып жардамдашып жүрүп тажрыйба алдым. Толук үйрөнгөндөн кийин өзүм жашаган Бужум айылына самсакана ачайын дедим. Бирок айылыбызда 9 жерде самсакана бар экен. Акыры атаандаштык жок болгон кошуна Кара-Булак айылына ачтым. Азыр 1 ай болду. Таң эртеден саат 11:00гө чейин самсаны даярдап коюп, окууга кетем. Эжелерим сатып беришет. Саат 17:00дө келип кайра даярдайм.

Буйрутмалар чыгат. Күнүнө 50 даана самса даярдап, ар бирин 50 сомдон сатып жатам. Тандырды курууга, орундугумдун акысына жалпы 15 миң сом короттум. Кеткен чыгашамды 1 айда таап алдым. Демек иштетсем болот деген жыйынтыкка келдим», - деди ал.

Студент келечекте чоң ресторан ачууну пландап жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 970
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×