Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-август
Баткен

Баткендеги базардын соодагерлери унаалардан экологиялык төлөмдү алууну суранууда

Turmush -  Баткендиктер Кара-Бак айылындагы базарга келүү үчүн чек арадан өткөн унаалардан алынуучу экологиялык төлөмдү бейшемби күндөрү токтотуп турууну суранууда.

Алардын айтымында, базарга коңшу Тажикстандан да адамдар келип соода кылат. Алар экономикага эле эмес, эки улуттун достугуна да өбөлгө болууда.

«СССР убагынан эле тажик-кыргыз соода-сатык мамилеси жогору. «Кара-Бак» базарында эки улуттун жарандары соода кылабыз. Жергиликтүүлөр өз алдынча ишкердик кылып, мамлекетти карап отурган жок. Жумуш оруну жок болсо да экономикасын көтөрүп, базарда иштеп жатышат.

Экологиялык төлөм деп Тажикстанга кирген унаага, Кыргызстанга кирген унаага 1000 сом, 2000 сом төлөм алып жатат. Бул соодагерлерге оор болуп жатат. Ушуну базар күндөрү токтотуп турса, тажиктерге да, бизге да жакшы болмок. Эки улуттун достугуна түрткү болгон базарыбызга шарттарды жакшыртып беришсе. Бөтөн элден келгендерге уят болбогудай заман талабындагы базарга айлантуу зарыл», - деди базардагы соодагер Абдилашим Мусаев.

Экологиялык төлөм алына баштагандан бери чек арадан кирип-чыгуу кыйындап, соода сатык да солгундаган.

«Бизде суу тартыштыгы болгондуктан Тажикстандан келген жашылча-жемиштерди алабыз. Ал эми, биздин өрүктөрдүн негизги кардарлары тажиктер. Алар албаса кайда сатабыз? Кайра иштетүүчү ишкана да жок. Эки улут союз убагынан эки тараптуу эркин соода кылып келгенбиз. «Самаркандек» базарына Тажикстандын Шороп, Ворух, Сурх жана башка райондорунан келишет. Бизге Баткен районунун Самаркандек, Рават, Ак-Сай, Көк-Таш жана Ак-Татыр айылдарынан келип соода кылышат», - деди Самаркандек айылдык кеңешинин депутаты Караматхан Таабалдыева.

Баткен облусунда кошуна улуттар менен биргеликте соода жүргүзгөн башка базарлар да бар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1961
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×