Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-февраль
Баткен

Баткен облусунун жетекчилиги расмий иш сапар менен Тажикстанга барды

Turmush -  Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев расмий жумушчу сапары менен Тажикстандын Согди облусуна барды. Бул тууралуу облус жетекчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, эки өлкөнүн делегациялары Тажикстандын Худжанд шаарында жолугушту. Абиш Халмурзаев алгач Согди облусунун төрагасы Раджоббой Ахмадзоданы жаңы кызмат орду менен куттуктап, белектерин ыйгарды. Тажик тарап да өздөрүнүн улуттук баалуулуктарын даңазалаган белектери менен өкүл Абиш Халмурзаевди сыйлашты. Жолугушууда жетекчилер эки облустун соода-экономикалык, социалдык-маданий кызматташтыгы боюнча маселелерди талкуулады. Ошондой эле, 1-2-февралда Тажикстанда эки мамлекеттин президенттеринин жолугушуусунда да бир катар документтерге кол коюла турганы күтүлүүдө.

Облус башчылары расмий жолугушуудан соң тажик элинин тарыхый майрамы деп эсептелинген Сада майрамына, Баткен жана Согди облустарынын айыл чарба, кол өнөрчүлүк боюнча жармаңкесине жана эки тараптуу концертке катышышты. Майрам соңунда Абиш Халмурзаев жана Раджоббой Ахмадзода Согди облусунун эмгек ардагерлери, аксакалдары жана эмгек алдыңкылары менен сый тамак үстүндө баарлашты. Аксакалдар эки облустун жетекчилеринин кыргыз-тажик элинин ынтымагын, карым-катнаш, алакасын чыңдоо аракеттерине ыраазычылыктарын билдиришип, баталарын беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 733
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×