Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Баткен

Баткенде идентификацияланбаган малды саткандарга айыптар салына баштады

Turmush -  Баткен районунун аймагында 35 миңден ашуун бодо мал идентификациядан өткөрүлдү.

Баткен райондук ветеринардык башкармалыгы билдиргендей, учурда ветеринардык тактамасы жок мал базарларга киргизилбей жатат. Мындай талап 1-январдан тарта күчүнө кирген. Учурда адистер түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Бирок мындай шарттар мал сатуучулардын нараазычылыгын жаратууда. Анткени алыскы аймакта жашагандар түн ичинде базарга жөнөшкөндүктөн тактама кагаз алууга мүмкүнчүлүк болбой же «адистин өзүн таппай калабыз» дешет. Ошол себептен ветеринардык тактама кагазын базар ичинен эле беришсе дешет.

«Ветврач базар ичинде отурушу керек. Баткендин алыскы аймактарында ветврачтар жок. Кээде аларды айылдан таппай калабыз. Базарга мал сатууга муктаждыгыбыздан келебиз. Бирок тактама дегени бизди кыйнап жатат», - деди мал сатуучу Файзулла Бекматов.

Баткен райондук ветеринардык башкармалыгынын жетекчиси Нармат Масеитов базардын босогосунда туруп, ветеринардык тактама берүүгө болбой тургандыгын айтты.

«Ар бир айылдын ветеринары өзүнүн айылындагы малды каттоого киргизип, анын абалынан кабардар болот. Ошол себептен жер-жериндеги ветеринарлар гана текшерип, тактамасын бериши керек. Антпесе ал мал ошол айылдын каттоосунда тура берет. Базарда туруп бергенге биз башка айылдардын малын билбейбиз. Малын сатам деген адам тактама алуу үчүн базарга чейин аракет кылышы керек», - деди Масеитов.

Базар чек арага жакын болгондуктан коңшу Өзбекстан жана Тажикстанга да малдар сатылып келген. Мындан ары чет өлкөлөргө сатылуучу малдын биркасы ээси тарабынан сөзсүз түрдө алынышы керек. Антпесе кошуна өлкөгө сатылган мал кайра Кыргызстандын жайыттарына чыгып кетүү коркунучу бар. Идентификациядан өтпөгөн жана тактама кагазы жок малды сатууда 1 миң сомдон 10 миң сомго чейин айып пул салынат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1255
Көп окулду
×