Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Баткен

Жаш талант: Баткендик 10 жаштагы Гүлиза байпак, тумактарды токуп, тааныштарына белек кылат (фото)

Turmush -  Баткен районунун Кара-Булак айылынын 10 жаштагы тургуну Гүлиза Козубаева байпак, тумак токуп, тааныштарына белекке берет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, бул өнөрдү былтыр үйрөнгөн. Азыр күнүнө 1 жуп байпак токуй алат. Бий ийримине да барып сабак алууда.

«Токуганды өткөн жылы апамдан үйрөнгөм. Өзүм кызыкканым үчүн тез эле үйрөнүп алдым. Азыр бир күндө 1 жүн байпак токуйм. Атам менен апама байпак токуп бергем. Анын ар кандай түрлөрү бар. Бирок аталыштарын билбейм. Тааныштарым буйрутма берет, бирок сатпайм, белекке берем.

Азыр 4-класста окуйм. Шашки, шахматка да кызыгам. Мектепте жакшы окуйм. Келечекте актриса болгум келет. Бирок оюм өзгөрүшү мүмкүн. Анткени көп нерсеге кызыгам. Бош убактымды бийлеп, кийим тигип, токуп өткөрөм. Ырчы да болгум келет. Бирок атам менен апам үнүм жакшы эмес экенин айтышат», - деди ал.

Чебер кыз үй-бүлөдө 5 бир туугандын кичүүсү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1197
×