Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-февраль
Баткен

Лейлектин Ак-Суу айылындагы жолго кум-шагыл төшөлдү

Turmush -  Лейлек районунун Ак-Суу айылынын абалы эң начар 1,7 км жолуна кум-шагыл төшөлдү. Бул тууралуу Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Алимбек Халмуратов билдирди.

Анын айтымында, мындан тышкары элдин үлүш жерлерине түз жол аркылуу барууга шарт түзүү маселеси каралууда. Учурда Ак-Суу айыл өкмөтүнүн Жеңиш айылынын жашоочулары үлүш жерлерине Тажикстандын Ганчы районун аралап барышат. Жаз жакындап, талаа иштери баштала турганына байланыштуу элди көз карандысыз жол менен камсыздоо жагы каралууда. Жеңиш айылынан үлүшкө берилген кайрак жерге чейин аралык 30 км жакын.

«Учурда көз карандысыз жолду куруу аракеттерин көрүп жатабыз. Бизге болгону техника жана 20 тонна солярка болсо элдин жол көйгөйү чечилип, көз карандысыз жол курулат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 390
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×