Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Баткен облусуБаткен району 15.02.2018 14:10 На русском

Фото — Өзбекстан Баткен облусуна медициналык тез жардамдын 2 унаасын белек кылды

Turmush -  Бүгүн, 15-февралда Өзбекстандын Фергана облусу Баткен облусуна медициналык тез жардамдын 2 унаасын белек кылды. Бул тууралуу облус жетекчилиги маалымдады.

Маалымат караганда, «Дамаз» үлгүсүндөгү унаалар Өзбекстандын «Вадил» чек ара өткөрмө бекети менен Кыргызстандын «Кадамжай» унаа көзөмөл-өткөрүү бекетинин жанында салтанаттуу тапшырылды. Тез жардам унааларынын бири Баткен шаарынын калкын тейлөө үчүн берилсе, экинчиси Кадамжай районунун Жаңы-Жер жалпы дарыгерлер практикалык борборуна берилди.

Иш-чарага Баткен облусунун жетекчиси Абиш Халмурзаев, Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты. Жетекчилер бири-бирине улуттук кийимдерди белек кылышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×