Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Баткен

Баткен районунда 31 миңден ашык бодо мал идентификациядан өттү

Turmush -  Баткен районунун аймагында 31 миң 243 бодо мал идентификациядан өттү. Бул тууралуу акимчиликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, Дара айыл өкмөтүнүн Чек айылы бодо малдын асылдуулугун жогорулатуу максатында тубар уйларды жасалма жол менен уруктандыруу боюнча пилоттук долбоорго тандалып алынып, тиешелүү шарт түзүлгөн. 2018-жылдын 1-январына карата 133 баш тубар уй асыл тукум урук менен уруктандырылды. 2017-жылда уруктандырылган тубар уйлардан 89 баш торпок алынды.

Жасалма жол менен уруктандыруудан алынган торпоктор жергиликтүү торпокторго караганда эки эсе жогору баада сатылууда.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 736
Көп окулду
×