Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Баткен

Элет көйгөйү: Баткендин Кыштут айылынын айрым тургундары кыргыз телеканалдарын көрө албай жатышат (фото)

Turmush -  Баткен районунун Кыштут айылынын айрым тургундары кыргызстандык телеканалдарды көрө албай жатышат. Бул тууралуу Кыштут айылынын тургундары билдиришти.

Алардын айтымында, айылда телемунара орнотулганы менен анын толкундарын тоо тосуп калып, айрым тургундар сыналгы көрө албай жатышат. Өткөн жылы санариптик берүүлөргө өткөндөн бери да Россиянын бир эле каналы көрсөтүп калды.

«Кышында сыналгы көрөйүн десең иштебейт. Бизде СССР убагынан бери бир эле Россиянын Биринчи каналы көрсөтөт, ал дагы тунук эмес. Санарипке туташабыз деп сүйүндүк эле. Жыйынтыгы кайда?», - деди айыл тургуну Дүйшөбай Касымов.

«Айылдан 5 чакырымдай алыс жерге санариптик телемунара орнотулган. Айыл санарипке туташкан айылдардын катарында. Бирок телемунаранын толкундарын тоолор тосуп калгандыктан айылдын 80%ы гана сыналгы көрө алышат. Санариптик каналдар мунаранын тушунда тургандарда тартат. Биз жаңылыктарды сыналгы көргөндөрдөн угабыз. Мунара орнотпосо да толкунду биз жакка дагы чагылдыруучу шайман орнотуп беришсе болот эле. Кыргызстанда эмне жаңылык болуп жатканынан кабарыбыз жок калдык», - деди Назиржан Айдаров.

Баткен районунун акими Кенеш Салиховдун айтымында, керектөөчүлөр 100 кожолуктан ашса гана жаңы мунара коюп беришет.

«Кыштут айылы тоолуу аймакта жайгашкан. Ошондуктан толкундарды тоолор тосуп калат экен. Айылда 170 кожолук бар. Алардын 80 пайызында телеканалдар тартат. Калган 20% 100 кожолукка жетпейт», - деди аким.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1006
Көп окулду
×