Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Баткен

Баткендеги окуучулар аскерлердин турмушу менен таанышты

Turmush -  Бүгүн, 20-февралда Баткен шаарында №30630 аскер бөлүктө окуучуларга ачык эшик күнү уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалыматка караганда, иш-чарага Баткен шаарынын жана Баткен районунун окуучулары, студенттер катышты. Аскердик эстафета уюштурулуп, ага 5 команда катышты. Алдыңкы орундарды ээлеген окуучуларга сыйлыктар тапшырылды.

«Иш-чаранын негизги максаты — жаштарды мекенди сүйүүгө тарбиялоо, уландарды аскердик милдетин өтөөгө үндөө болуп саналат», - деди Баткен облустук Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча башкармалыгынын башкы адиси Кубаныч Сайкалов.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 895
Көп окулду
×