Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Баткен

Баткенде 5 тонна мөмө-жемишти мыйзамсыз ташып келе жаткан чет өлкөлүктөр кармалды

Turmush -  Кечээ, 21-февралда УКМК кызматкерлери тарабынан Баткен облусунда аткезчилик жүк кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, Баткен районунун Ак-Сай аймагында жүк ташуучу унаа менен 5 тонна кургатылган мөмө-жемиштерди ташып келе жаткан тажикстандык 4 жаран менен кыргызстандык 1 жаран кармалган. Жүктүн ээси деп эсептелген тажикстандык жаранга айып салынды.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин Тажикстандын жарандары өз өлкөсүнө өткүрүлүп берилди. Кармалган жүк Мамлекеттик бажы кызматына тапшырылды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 977
Көп окулду
×