Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Баткен облусуБаткен району 23.02.2018 12:41

Өзбекстандын Сох районунда кыргыз-өзбек достугу талкууланды

Turmush -  Баткен районунун акими Кеңеш Салихов кечээ, 22-февралда Өзбекстандын Сох районунун жаңы шайланган акими Фарухжон Усаров менен жолугушту, деп билдирди аймактык кабарчы.

Жолугушуу Өзбекстандын Сох районунда өттү. Анын жүрүшүндө К.Салихов Ф.Усаровду жаңы кызматы менен куттуктады. Ошондой эле, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамилени бекемдөө, ар кандай пикир келишпестиктерди болтурбоо жана алдын алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Фарухжон Усаров ушул жылдын февраль айынын ортосунда Сох районунун акими болуп дайындалган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×