Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Баткен облусуБаткен району 23.02.2018 16:50

Баткен райондук санэпиддик көзөмөл борбору Нурлан Орозалиевдин жетекчилигинде жакшы натыйжаларга жетишти

Turmush -  Орозалиев Нурлан Өсөрович 2017-жылдын октябрь айында Баткен райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын башкы дарыгери болуп дайындалган. Бул кызматка келгенине аз убакыт болсо да мекемеде бир катар иштер аткарылып, кызматкерлер башкы дарыгердин жумушуна ыраазы.

Баткен райондук санэпидкөзөмөл борборунун башкы дарыгери Н.Орозалиев

Н.Орозалиев жетекчи болгон 5 ай ичинде Баткен районунун аймагындагы мекеме-ишканалардын санитардык абалы жакшырган. Базарларда рейддер менен текшерүүлөр тынымсыз жүргүзүлүп, мыйзамсыз сатылып жаткан тез бузулуучу тамак-аштарды сатуу да токтотулду. Ашкана-кафелерди планга киргизүү көбөйтүлүп, айып салуу бир нече пайызга өскөн. Текшерилбей келген жеке менчик бала бакчалар да текшерилип, талапка жооп бербегендерине айып пулдар салынып, материалдар тиешелүү укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Баткен районунун Самаркандек айылында ич келте оорусу чыгып, шашылыш билдирүү келген учурдан тарта абалды башкы дарыгер жеке көзөмөлүнө алган. Эпидемияга каршы алдын алуу иштери жүргүзүлүп, оорунун таралуу коркунучтарын токтотуу аракеттери тынымсыз көрүлдү. Ошондой эле, таза суу чыгуучу түтүктөрдүн жарактан чыккан жабдыктары башкы дарыгердин эмгеги менен жаңыртылып, учурда жашоочулар тарабынан пайдаланылып жатат.

Баткен облусу боюнча райондук жана шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык 5 көзөмөл кызматы бар. Кадамжай районунун ээлеген аймагы чоң болгондуктан Үч-Коргон зонасында бир филиал ачылган. Ошондой эле, Лейлек районунун Кулунду зонасында бир филиал иш жүргүзүп жатат. Бүгүнкү күндө Кадамжай райондук санитардык эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын лабораториясы учурдун талабына жооп берген, эл аралык реестрге кирген аккредитациялык укукка ээ болгон жалгыз лаборатория болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө Баткен облусунда 2358 объект санитардык көзөмөл кызматынын кароосунда турат.

Жеке ишкерлердин ишмердүүлүгүн текшерүүлөрдү жүргүзүүгө мамлекет тарабынан коюлган чектөөлөрдү сактоо менен 2017-жылда төмөнкүдөй иштер жүргүзүлдү:

Облустагы райондук жана шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлоруна мамлекет тарабынан берилген ыйгарым укуктардын негизинде 2017-жылы облус боюнча мамлекеттин пайдасына 266 жолу айып салынган. Айып пулдун суммасы 444 миң сомго жетти. Анын ичинен 264 протоколдун негизинде 432 миң сом өндүрүлгөн.

- Санитардык мыйзам бузууларга жол бергендиктен ишмердүүлүгү убактылуу токтотулган объекттердин саны — 93;

- убактылуу жумушунан четтетилген кызматкерлердин саны — 724.

Жумушунан убактылуу четтетилген жарандардын 100 пайызы милдеттүү медициналык кароодон өтпөй иштеп жаткандар болуп эсептелет.

Санитардык абал:

Санитардык бөлүмдө 2 дарыгер, дарыгердин 4 жардамчысы эмгектенет. Алардын негизги милдеттерине коомдук тамактануучу жайлардын, соода-сатык дүкөндөрдүн, элди таза суу менен камсыз кылуучу объектилердин, бала бакчалар менен мектептердин тазалыгын көзөмөлдөө кирет. 2017-жыл ичинде облус боюнча жалпы санитардык талапка жооп бербеген 266 объектиге 444 миң 110 сомдук айып пул салынып, эскертүү токтомдору чыгарылган. Ошондой эле, 100гө жакын объектинин иши токтотулуп, имараттарында оңдоо иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле, БУУнун өнүктүрүү программасы менен биргеликте бала бакчалардагы балдардын тамактануусу, алардын эмеректеринин талапка жооп берүүсү текшерилди. Жыйынтыгында мыйзамсыз иштеп жаткан беш жеке менчик бала бакчаны текшерүүгө мүмкүнчүлүк берилбей, Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү мамлекеттик кызматына өткөрүп беришкен. Учурда аталган 5 бала бакча жабылды. Ошондой эле, Баткен шаарындагы 2 бала бакчанын жетекчилери кызматынан бошотулган.

Мурунку жылы айып пул салынган мекемелердин арасында Кадамжай районундагы Үч-Коргон аймактык ооруканасы, Баткен облустук бириккен ооруканасы, Баткен районунун жалпы дарыгерлер борбору бар. Ал эми суу менен камсыздоо объектилери боюнча Самаркандек айылынын жана райондордогу айрым айыл аймактардын администрацияларына жалпы 28 миң сом айып пул салынды.

Базарлардагы азык-түлүк продукциялары да текшерилип, мыйзамсыз алынып келген жана талапка жооп бербегени боюнча 48 учур катталып, 2993 кг азык-түлүк жараксыз деп табылган. Жараксыз азык-түлүктөр жок кылынды.

Эпидемиологиялык бөлүм:

Бир жылда ооруларды алдын алууга эмдөөлөрдү жүргүзүү бөлүмүндө 97 пайыздан жогору жумуш аткарылды. Бөлүм дары-дармектер менен туруктуу камсыздалып, алар сакталуучу жайлар оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн. Ошондой эле, атайын жабдыктар коюлуп, талапка жооп берүүчү шарт түзүлдү. Бирок алыскы айылдардагы ФАПтарга дары-дармектерди жеткирүүдө көйгөйлөр жаралып келет. Учурда бул багыттагы көйгөйлөрдү чечүү аракеттери уланууда.

Дары-дармектерди коркунучсуз абалда 8 градустун тегерегиндеги температурада жеткирүү керек. Бул тармакта бир топ иштердин жыйынтыгы менен айрым ишканаларга 98 миң сомго жакын айып пул салынган.

Лабораториялык изилдөөлөр бөлүмү:

Лабораториялык бөлүмдө бир топ иштер аткарылды. Бирок учурда бөлүмдө атайын санитардык факультеттен билим алган кадр жок. Ошондой болсо да лаборатория, андан кийин биология тармагында жогорку билим алып, бир топ жыл ушул лабораторияда иштеген кызматкерлер эмгектенип жатат. Алардын алды жыйырма жылдан бери эмгектенишет. Учурда бөлүмдө 4 лаборант бар. Ооруларды алдын алууда, текшерүү иштерин жүргүзүүдө лаборанттардын жардамы менен 2017-жылы 9 миңге жакын анализ жасалды.

2016-2017-жылы лаборатория керектүү жабдыктар менен камсыздалып, мыкты шарт түзүлдү. Бирок имараттын эскилиги жетип, жаңы имаратка муктаждык бар.Эгер бул маселе чечилсе Баткен шаары жана райондогу жалгыз бактериологиялык лаборатория болуп калмак. Бул маселе боюнча бейөкмөт уюмдарга кайрылуу аракеттери көрүлүп жатат.

Залалсыздандыруу бөлүмү:

Залалсыздандыруу бөлүмү аймактарды залалсыздандыруучу каражат менен ар кандай жугуштуу ооруларды алдын алуу максатындагы жумуштарды жүргүзүп турат. 400гө жакын объектилерде — мектептер, мончолор, бала бакчалар жана суу сактоочу жайларда дезинфекциялоо иштери уюштурулат. Учурда жугуштуу ооруларды алдын алуу үчүн 1 тоннага жакын хлор сакталуу.

Элди таза суу менен камсыз кылуу боюнча «Кыргыз Республикасынын ичүүчү таза суу жөнүндөгү мыйзамынын» жана ичүүчү таза суунун коопсуздугу жөнүндөгү техникалык регламенттин талаптарына жараша иш жүргүзүлүп жатат. Суунун коопсуздугун текшерүү боюнча Баткен облусунда 5 санитардык-гигиеналык жана санитардык бактериологиялык лаборатория иштейт. Алардын ичинен Кадамжай райондук борбордун лабораториясы учурдагы эл аралык талаптарга жооп берген аккредациядан өткөрүлгөн.

Акыркы маалымат боюнча Баткен облусунун жашоочулары ичүүчү таза суу менен 76 пайызга камсыз болушкан. Бүгүнкү күндө облуста жалпысынан сууну зыянсыздандыруучу шаймандар менен камсыз болуу 78 пайызга жетет, алардын ичинен ар кандай техникалык жана финансылык жагдайларга байланыштуу зыянсыздандыруучу 2 шайман пайдаланылбайт. Облус боюнча 1 суу түтүгүндө санитардык коргоо тосмосу жок.

Облустагы суу менен камсыз кылуучу ишканалар менен жылдын башында текшерүүгө келишимдер түзүлүп, анын негизинде текшерүү иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×