Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Баткен

Өзбекстан менен чектешкен Сай айылынын тургундары президентке мектепти бүтүрүп берүүнү суранып кайрылышты

Turmush -  Баткен районунун Сай айылындагы Д.Акматов атындагы орто мектебинин окуучулары 4 жылдан бери 3 мөөнөттө билим алып жатышат. Бул тууралуу мектеп директору Азамбек Азимов билдирди.

Анын айтымында, 2014-жылы эски мектептин ордуна жаңы имарат курула баштаган. Бирок курулуш иши 3 жылдан бери токтоп турат.

«Эски мектеп 1977-жылы салынган. Анын бир корпусу жер титирөөдөн улам жараксыз абалга кептелип, колдонуудан чыккан. Мындан улам учурда 400дөй окуучу 150 орундуу мектептин корпусунда 3 мөөнөт менен окууга мажбур болуп жатышат. Абалдан чыгуу үчүн 2014-жылы айылга 250 орундуу мектеп салына баштаган. Бирок 2015-жылы курулшу токтоп калган. Жалпы сметасы 41 млн 700 сомду түзүп, бирок акча толук бөлүнбөгөндүктөн, 15 млн сомдук иш аткарылды. Эртерээк курулуш жанданбаса кирпичтер жаан-чачынга эзилип мектеп сапатсыз бүтүшү ыктымал», - деди директор.

Сай айылы Өзбекстандын Сох анклавы менен чектешип, айыл тоолуу, бороон чапкындуу. Жергиликтүү тургундар дагы чачыранды жайгашкандыктан балдар мектепке тоо аралап 5 чакырымдай аралыкты басып келишет.

«Биз 4 жылдан бери 3 нөөмөт менен эртең мененки саат 8:00дон кечки 20:00го чейин окуйбуз. Мен окууга эртең менен саат 7:00до караңгы болгонуна карабай жөнөйм. Болбосо саат 8:00до окуу башталып кечигип калам. Анан да бизде кошумча сабактар болбойт. Биз быйыл бүтүрүүчү класспыз. Жалпы республикалык тестирлөөдөн даярданууга класс жетишпейт», - деди 11-класстын окуучусу Белек Асан уулу.

Ал эми, Билим берүү жана илими министри Гүлмира Кудайбердиева аталган мектеп курулушу 2018-жылы бүтүрлүшү керек болгон мектептердин катарына киргендигин билдирди.

«Биз өкмөт менен Баткен облусундагы коллегияда бул маселени карадык. Быйылкы жылдын титулуна кирди. Д.Акматов атындагы мектеп быйыл сөзсүз бүткөрүлөт», - деди министр.

Элеттеги 400дөй окуучунун ата-энелери мектепте эртерээк куруп бүтүрүп берүү суранычы менен президент менен өкмөт башчыга кайрылуу катын жолдошту.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2080
Көп окулду
×