Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Баткен облусуБаткен району 27.02.2018 11:36

Баткендин тургундары сапаты менен баасына карап Тажикстан менен Өзбекстандын ооруканаларында дарыланып жатышат

Turmush -  Баткен облусунун чек аранын аймагындагы айылдарынын тургундары дарылануу үчүн Тажикстан менен Өзбекстанга каттап жатышат

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, көпчүлүк баасы кыйла арзан, тейлөөсү жакшы деп Өзбекстандын Сох анклавындагы же Тажикстандын Исфара районундагы бейтапканаларга көрүнүп жатышат.

«2 неберем ооруп, Баткен облустук ооруканасына алып бардым. Алар дары жазып берип, «үйдө кара» дешти. Бирок балдардын абалы оор болгондуктан кошуна Сох анклавындагы ооруканага алып бардым. Ал жерде жакшы кабыл алышты. 10 күн дарыланып жаткандыгы үчүн 200 сом короттум. Баткенде болсо бир жолку текшерүү үчүн 900 сом кетирдим. Өзбекстанда акысыз карап беришет. Ошондуктан ал жакка кыргыздар көп кайрылышат. Бизде алыстан же Зардалыдан келгендер менен да иши жок. Эртерээк карап берейин дешпейт, тейлөө жакшы эмес», - деди Көпүрүк-Башы айылынын тургуну Ысмайыл Жапаров.

«Апам 4 жыл мурун сарык менен ооруду. Ооруканага алып барсак сакайбайт деп кайтарышты. Андан кийин Тажикстандын Исфара районундагы ооруканага алып бардык, жакшы болду. Апам азыр да Исфарада дарыланып жатат», - деди Булак-Башы кварталынын тургуну Уулкан Касымова.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин Баткен облусундагы координатору Абдуллаким Абдуллаев мындай көрүнүш дээрлик 5-6 жылдан бери бар экенин билдирди.

«Буга чейин да бул маселе көтөрүлүп келген. Анткени район борборуна алыс жайгашкан айылдардагы тургундар кошуна өлкөнүн бейтапканаларына жакын. Ошондуктан ал жактарга кайрылышат. Бизде анча-мынча адистер жетишсиз. Бул нерсени моюнга алыш керек. Бейтаптарга жасаган мамилелерди биз көп жолу карадык, түшүндүрүү иштерин да алып бардык. Бул маселе акырындык менен жоюлат деп ойлойм», - деди Абдуллаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×