Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Баткен

Айыл турмушу: Баткендик А.Ганиеванын айгүлдөрүн көргөнү келгендердин аягы үзүлбөйт (фото)

Turmush -  

Баткен районунун Кара-Булак айылынын тургуну Айзат Ганиева короосунда айгүл гүлдөрдү өстүрүп келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, өстүрүп жаткан гүлдөрүнүн саны 500гө жакын. Өзү Кара-Булакка 15 жыл мурда келин болуп келген. Гүлдөр 30 жылдан бери өстүрүлөт. Ага чейин кайын энеси карап өстүрсө, учурда гүлдөр анын камкордугунда.

«Гүлдөрдү суу куюп деле карабайм. Болгону чөптөрүн отоп, бирөө жулуп кетпесин деп адамдардан, жеп кетпесин деп малдан гана коруп турам. Суу куюлбаса деле өзү өсүп, гүлдөй берет. Булар гүлдөгөндө үйүбүздүн алды көрккө бөлөнөт. Айгүл тоосу бийик болгондуктан, ага чыга албагандар меникине келип көрүп кетишет. Булар гүлдөгөн кезде мага тыным жок. Бирин узатсаң экинчиси келет. Карап турбасаң жулуп да кетет. Быйылкы жылы айгүл гүлдөрдү акча берип көрө турган кылсамбы деп турам (күлүп)», - деди ал.

Айгүлдөр апрель айында гүлдөй баштайт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2083
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×