Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Баткен

Баткенде үлүш жерлерине үй салгандарга айып салынып, тамдарын бузууга мажбурлашууда

Turmush -  Баткен районунун 60ка жакын тургуну үлүш жерлерине салып алышкан үйлөрдү Мамэкотехинпекциянын өкүлдөрү буздурууга мажбурлап жатышат.

Алардын айтымында, Мамэкотехинпекциянын өкүлдөрү прокутурага үлүш жерлерге үй салып алышкандары боюнча кайрылуу жөнөтүп, текшерүү жүргүзүүнү сунушташкан. Прокуратуранын өкүлдөрү текшерүүдөн кийин аларга 10 миң сомдон айып салышкан жана үйлөрдү бузууга керектигин талап кылышкан. Буга мыйзам боюнча үлүш жерге үй салынбашы керектигин жүйөө келтиришкен. Учурда жергиликтүүлөрдүн арасында бир короодо 3-4 үй-бүлө жашашат. Сесеби чарбакка жер берилбегенине байланыштуу ушундай шартта жашоого мажбур болушууда.

Сүлүктү, Баткен шаары жана Лейлек Баткен райондору боюнча экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча башкармалыктын башчысынын орун басары Канатбек Сейдалиевдин айтымында, учурда Баткен районунун аймагында 157 адам улуш жерлерине үй салып, алардын ичинен 6 иш сотко өткөн. Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынан 74 жаран, Самаркандек айыл аймагынан 12 жаран, Кыштут айыл аймагынан 6, Баткен шаарында 26, Ак-Сай айыл аймагында 20, Төрт-Гүл айыл аймагында 10, Кара-Булак айыл аймагында 1 жана Дара айыл аймагынан 8 жаран үлүш жерлерине үй салышкандыгы аныкталган. Учурда бул боюнча маселени тиешелүү тараптар карап жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 919
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×