Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Баткен облусуБаткен району 17.03.2018 10:21

Баткендеги милиция кызматкерлери элди кыдырып, арыздарын кабыл алды

Turmush -  Баткен РИИБдин көчмө кабылдасы район борборунан 60 км алыстагы Кыштут, Дара айыл аймактарына барып, эл менен жолугушту.

РИИБдин жетекчисинин орун басары Дүйшөбай Ниязкуловдун айтымында, алар элеттиктердин арыздарын кабыл алышты. Мектептерге барып, мугалимдери жана мектеп окуучулары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Милиция кызматкерлери менен ӨКМдин өкүлү Э.Сапаров авариялык жерде жашаган тургундарга эскертүүлөрүн берип, жашоо-шарттары менен таанышып чыкты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×