Бөлүмдөр
Ишемби, 21-апрель
Баткен

Баткен облусунун жетекчилиги Өзбекстанга иш сапар менен барып келди

Turmush -  17-мартта өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев Өзбекстандын Фергана облусуна иш сапар менен барды. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка караганда, аны чек арадагы көзөмөл өткөрүү бекетинен Фергана облусуна өткөн жерден облус жетекчиси Шухрат Ганиев жетектеген адамдар тосуп алышты. 2 тарап расмий жолугушуу өткөрүп, 2 облустун бардык тармактар боюнча кызматташуусуна шарт түзүшөөрүн баса белгилеп, эл достугун бекемдөөгө ишеним артарын билдиришти.

Баткен облусунан барган расмий делегация Фергана шаарындагы өзбек-корей биргелешкен унаа тетиктерин чыгаруучу заводдо, И.Каримов атындагы маданият үйүндө, сууда сүзүү боюнча спорт сарайында, ишкерлер борборунда болушуп, күнөскананын ишмердиги, тамчылатып сугаруу системасы менен өздөштүрүлгөн эгин аянттары менен таанышты.

Ошондой эле, райондор менен шаарлардын башчылары бири-бири менен жолугушуп, алдыдагы иш-мерчемдер боюнча макулдашышты. Иш-сапардын соңунда тараптар бири-бирине белектерди тартуулашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 645
Көп окулду
×