Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Баткен

Айыл турмушу: В.Путинге жаа жасап берген баткендик уста Х.Момунов шахматтын 3000 долларлык столун жасады (фото)

Turmush -  

Баткен районуна караштуу Ак-Турпак айылынын 48 жаштагы тургуну Халил Момунов атайын буйрутма менен шахмат жана нарда ойноочу 3 миң долларлык стол жасады. Аймактык кабарчы устадан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, аны жасоого 1 жыл убакыт кеткен. Айланма столдун буту 3 мүйүздөн жасалган. 3 отургучун жаңгактан жасап, мүйүз, күмүш менен кооздогон. Столдун бир бетине нарда, экинчи бетине шахмат ойносо болот. Шахматтык фигуралардын кара өңдөгүсү кара мүйүздөн, ак түстөгүсү ак мүйүздөн жасалган. Шахматтын чети сөөктөн оюлуп жасалса, тамгалары күмүштөн жана мүйүздөн чегилген. Столдун бети кургатылган жаңгактан, буттары тоо текенин мүйүзүнөн жасалды.

«Аны белек катары бергенге ылайыктуу. Бул 2 кырдуу шахмат жана нарда столу буйрутма менен жасалган. Толук бүткөрүлүп, ээсине берилет. Ал буга чейин да жасап сатып жүргөн», - деди ал.

Буга чейин Turmush басылмасы Халил Момунов эки кырдуу нарда менен шахмат столун 10 миң долларга баалагандыгын, жасаган жаасы Россиянын президенти Владимир Путинге белек кылынгандыгын жазып чыккан.

(10 миң долларга баалаган стол)

IMG-20160928-WA0066

Өзүнүн айтымында, шахмат столду жаңгак, мүйүз, күмүш колдонуп оюп жасаган. Столдун бир бетине нарда, экинчи бетине шахмат ойносо болот. Шахматтык фигуралардын кара өңдөгүсү кара мүйүздөн, ак түстөгүсү ак мүйүздөн жасалган. Шахматтын чети сөөктөн оюлуп жасалса, тамгалары күмүштөн жана мүйүздөн чегилген. Нарданын кубиктери жаныбардын тишинен жасалып, санды көрсөтүп турган чуңкурчаларга күмүштөр коюлган. Столдун бети кургатылган жаңгактан, буттары тоо текенин мүйүзүнөн. Эки капталындагы 4 жыландын башы дагы кооздолгон.

«II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда аталган сувенир 10 миң долларга бааланды. Ошол жерде эң кооз сувенир аталып, баш байгени утуп алдым. Учурда бул сувенирди 10 миң долларга сатууну көздөп жатам. Бул столду жасоого 3 жыл убакыт кетти», - деген уста.

Халил уста 18 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенет. Ал жасаган сувенирлер чет өлкөнүн таанымал лидерлерине Кыргызстандын атынан белек катары берилип келет. Сувенир жасоо атасынан калган өнөр. Атасы Ысмайыл Момунов зергерчилик менен эмгектенген.

«Атам жаш кезимден тарта сүрөттөн көргөн буюмдарды жасаганды үйрөттү. Убакыттын өтүшү менен бул өнөрдү жактырып, ар кандай буюмдарды жасап баштадым. Жасаган сувенирлерди кымбат баада сатып, үй-бүлөмдү багууга каражат таптым. Мүйүздөн жасап чыккан кыргыз жаасы Санкт-Петербург шаарынын 300 жылдык мааракесинде президент Владимир Путинге белек кылынган. Ошондой эле, Москва шаарынын мурдагы мэри Юрий Лужковго, 2014-жылы Венгриянын премьер-министрине мен жасаган жаалар белек катары берилген. Жибек Жолунан өтүп бара жаткан көч чагылдырылган сувенир Американын лейтенантына белекке берилген», - деди уста.

Достукту чыңдоо максатындагы белек үчүн мүйүздөн жасалган жааны 1,5 миң долларга баалаган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 10423
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×