Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Баткен

СССР убагында Нооруз майрамы биринчи жолу Баткендин Кара-Булак айылында белгиленген

Turmush -  

СССР убагында Нооруз майрамы алгачкы жолу Баткен районунун Кара-Булак айылында белгиленген. Бул тууралуу тарыхчы Мурзапар Үсөн билдирди.

Анын айтымында, Нооруз 1989-жылы өткөрүлүп, мектеп мугалиминин демилгеси менен ишке ашкан.

«Нооруз — бул кыргыз элинин ата-бабаларынан бери келе жаткан улуттук майрамы. Ал СССР убагында 62 жыл бою майрамдалбай келген. Анткени советтик идеологияга каршы келгендиктен улуттук маданиятты таанытуу багытындагы иш-чараларга тыюу салынган. Бирок ошентсе да 1989-жылы биринчи жолу Баткендин Кара-Булак айылында бул майрам белгиленди. Анда айыл калкы мектеп имаратына чогулуп, улуттук тамак-аштардын түрүн жасап жана каада-салттарды көргөзүп, жамаат менен сүмөлөк кайнатышкан», - деди ал.

Айыл тургуну Шааркан Алымкулованын айтымында, ошол жылы кайнатылган сүмөлөк элге таратылган.

«Ошондо сүмөлөк да кайнаттык. Айыл элинин бардыгы катышкан. Сүмөлөктөн ар бир үйгө бир чыныдан бөлүп бергенбиз», - деди ал.

Андан кийин бүтүндөй кыргыз эли унутта калган майрамды белгилөөгө өтүштү. Кыргызстан көз карандысыз мамлекет болгондон кийин бул майрамга мамлекеттик деңгээлде көңүл бурула баштады. Азыр улуттук майрам катары чоң мааниге ээ.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1654
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×