Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Баткен облусуБаткен району 27.03.2018 11:49

Баткенде Ак-Суу дарыясынын жээги бекемделип жатат

Turmush -  Баткен районунун Достук айылында Ак-Суу дарыясынын жээги бекемделип жатат. Бул тууралуу ӨКМдин райондогу башкармалыгынын жетекчиси Туратбек Турдуев билдирди.

Анын айтымында, дарыянын оң тарабы Кыргызстан болсо, сол тарабы Тажикстан. Оң тарабындагы жээкти суу бузуп, 7-8 метрдей кирип кеткен. Ага байланыштуу жээктерди бекемдөө зарылчылыгы жаралган болчу. 330 метр жерди бекемдөө үчүн ӨКМ тарабынан 1 тонна күйүүчү май бөлүнүп, техникалар жергиликтүү бийлик жана эл тарабынан камсыздалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×