Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Баткен облусуБаткен району 29.03.2018 11:38 На русском

Фото — Баткенде катуу жааган мөндүр өрүктөрдүн гүлдөрүн күүп кетти

Turmush -  Бүгүн, 29-мартта эртең менен жааган мөндүр Баткен, Лейлек райондорунун айрым жерлериндеги өрүктөргө зыян келтирди. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маалыматка караганда, мөндүр саат 05:00 чамасында 10 мүнөттөй жааган. Анын кесепетинен жаңы гүлдөгөн өрүктөрдүн көпчүлүгүнүн гүлү күбүлүп калды. Ал эми жергиликтүү бийлик өкүлдөрү өрүктөргө эч кандай зыян келтирилбегендигин билдиришти.

Баткен жана Лейлек райондорунун эли үчүн өрүк негизги киреше булактарынын бири болуп эсептелинет.

Буга чейин аймактык кабарчы Лейлек районунун Тажикстан менен чектешкен Арка айылында өрүктөр гүлдөгөндүгүн кабарлаган.



Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×