Бөлүмдөр
Ишемби, 21-апрель
Баткен

Кыргыз-тажик чек арасында жер талашып, бири-бирине таш ыргытышкан жарандар менен милиция сүйлөштү

Turmush -  Кыргыз-тажик чек арасында жер талаштан улам чыккан чыр-чатакты жөнгө салуу максатында Баткен ОИИБдин жетекчилигинен турган атайын топ Баткен районунун Үч-Дөбө айылындагы окуя болгон жерге барышты. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 3-апрелде болжол менен саат 15:45де Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагына караштуу Үч-Дөбө айылы менен Тажикстандын Ходжа-Ало айылындагы чек ара аймагында чек арага байланыштуу чыр-чатак болгон. Буга байланыштуу Баткен ОИИБдин жетекчилиги астында КР Атайын багыттагы полкунун, Тез чара көрүү атайын отрядынын кызматкерлери жана Баткен РИИБдин жетекчилиги, ыкчам-тергөө топтору аталган кырдаалды жөнгө салуу жана токтотуу максатында окуя болгон жерге барышты. Окуя болгон жерге кыргыз жана тажик тараптан 120 чакты тургундар топтолушкан.

«Чек ара маселесинен улам топтолгон жарандар тарабынан бири-бирине таш ыргытуулар болгон. Жагдайды көзөмөлдөө максатында Баткен ОИИБдин жана коңшулаш Тажикстандын Согди ОИИБдин жетекчилиги биргеликте иш-аракеттерди жүргүзүп, чогулган эки тараптуу элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Кыргыз-тажик тараптын жетекчилеринин жүргүзгөн сүйлөшүүлөрүнүн негизинде чыр-чатак жөнгө салынып, чогулган эл тарады.

Ошондой эле, мындан ары элдердин арасында чыр-чатактардын чыгып кетүүсүн алдын алуу үчүн Баткен ОИИБдин жана Согди ОИИБдин кызматкерлери тарабынан чек ара аймактарында биргелешкен кайгуулдар уюштурулду.

Учурда түзүлгөн кырдаалды мындан ары жөнгө салып, чек ара аймактарындагы элдин коопсуздугун камсыздоо маселелерин талкуулоо үчүн Баткен ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги А.Тагаев менен Согди ОИИБдин башчысы, милициянын генерал-майору Х.Назаровдун ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Учурда кырдаал туруктуу», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 680
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×