Бөлүмдөр
Ишемби, 21-апрель
Баткен

Баткендик мушкер Т.Исманов кикбоксинг боюнча Азия чемпионатына катышат

Turmush -  Баткен районунун Ак-Татыр айылынын 32 жаштагы тургуну Токтосун Исманов кикбоксинг боюнча Бишкекте өткөн чемпионатта 1-орунду алды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Спортчуну жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жаштар Баткенде салтанаттуу түрдө тосуп алып, ак калпак, чепкен кийгизишти.

Токтосун Исманов аталган мелдешке 65,5 кг салмактагылар арасында катышкан. 1-орунду алып, Казакстанда өтө турган Азия чемпионатына жолдомо алды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 540
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×