Бөлүмдөр
Ишемби, 21-апрель
Баткен

Чек арадагы чатак: Кыргызстандык адамды таш менен башка чабышкан (видео)

Turmush -  Кечээ, 10-апрелде Баткен облусунун Өзбекстандын Сох анклавы менен чектешкен Суу-Башы айыл өкмөтүндөгү кыргыз-өзбек чек арасында чыр чыкты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Боз-Адыр айылынын тургуну Абдумомун Калматов билдирди.

Анын айтымында, Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Боз-Адыр айылынын 2 тургуну сугат суу алуу үчүн насос станциясына барган учурда Сохтун тургундары сабап салышкан. Сабоодон кийин алар ооруканага жеткирилген.

«Мурда да жаңжал чыгып басылып калган болчу. Насостук станция Өзбекстандын аймагында болгондуктан барганбыз. Мен да жаракат алдым», - деди Калматов.

Окуя болгон жерде ок атылган эмес. Бүгүн, 11-апрелде Баткен районунун жетекчилери окуя болгон жерге барып, сүйлөшүү жүргүзүүдө.

Экинчи жабырлануучу эмне дейт?

Баткен облусундагы кыргыз-өзбек чек арасында чатактан жабыркагандардын экинчиси — Баткен районунун Боз-Адыр айылынын 61 жаштагы тургуну Азизжан Мансуров.

Ал Turmush басылмасына Баткен районунун Суу чарба департаментинин «Ширеч» насостук станциясында 10 жылдан бери иштей тургандыгын билдирди.

Азизжан Мансуров

Анын айтымында, чатак кечээ, 10-апрелде Өзбекстандын Сох анклавынын тургундар менен чыккан.

«Биздин мөөнөт учуру болчу. Түшкү убакта келип, ишти баштайлы дегенбиз. Ошол учурда бизге Өзбекстандын 4 адамы келип, биз орноткон тосмону бузуп, биздин жатаканага кирип келди. Алар биздин чек арачылар жөнүндө бир нерселерди айта башташты. Биз бул маселенин бизге тиешеси жок экендиги айтсак, алар коркута башташты. Сөздөн чыккан чатак мушташууга айланып, алар мени таш менен башка чабышты. Мен эсимди жоготуп коюптурмун», - деди ал.

Чек ара кызматынын билдирүүсү

Кыргызстандын чек ара кызматы аталган насостук станция Кыргызстандын объектиси экендигин билдирди.

«Аны Кыргызстандын жарандары тейлейт. Кыргызстандын жараны аны тейлөө үчүн барган. Бул чек арага тиешелүү окуя эмес. Бул маселе боюнча укук коргоо органдары иштеп жатат», - деп айтылат маалыматта.

Өзбек тарап күнөөсүн мойнуна алды

Баткен районунун прокурору Мирлан Калыбековдун айтымында учурда 2 тараптуу сүйлөшүүлөр жыйынтыкталды. Ага Баткен районунун акими Кеңеш Салихов, Баткен районунун прокурору Мирлан Калыбеков, райондук милициянын өкүлдөрү, чек кызматы катышты. Өзбек тараптан Сох районунун акими, чек ара жана милиция кызматы келди. Жыйынтыгында өзбек тарап күнөлүү деп табылып, чыр чыгарган жарандарга өзбек тарап тиешелүү чара көрүлөрөн билдирди. Учурда аймакта абал тынч.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1621
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×