Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Баткен облусуБаткен району 13.04.2018 13:36

Баткенде Айгүл гүлдү элестеткен арканын 80 пайызы курулуп бүттү (фото)

Turmush -  Баткен районунун Кара-Булак айылына жаштардын демилгеси менен айгүл гүлдүн элесин берген арка курулуп жатат.

Арканын курулушун демилгелегендердин бири Замир Сапардын айтымында, курулуш өткөн жылдын октябрь айында башталган. Арканын өзүнүн курулушу 2 айда, ал эми долбоордогу жалпы курулуш толугу менен жыл аягына чейин аяктайт. Учурда иштердин 80%ы аяктады.

Арканын эки жагына Козулан баатыр менен Айгүл кыздын айкели да тургузулат. Курулуштун жалпы сметалык баасы 1,5 млн сом. Бул сумманын 495 миң сомго жакыны облус аймагында өткөн марафондон, 645 миң сому чет өлкөлөрдө иштеген жердештерден топтолгон. Кара-Булак айыл өкмөтүнөн 200 миң сом берилген.

Буга чейин 2017-жылдын сентябрь айында Баткен районунун Кара-Булак айылынын кире беришине айгүл гүлүнүн элеси чагылдырылган арка куруу үчүн марафон уюштурула тургандыгы кабарланган.

Арка куруу демилгесин көтөрүп чыккан уюштуруу тобунун төрагасы Замир Сапардын айтымында, арканын сметалык баасы 1 млн 500 миң сомду түзгөн. Ага жергиликтүү бюджеттен 200 миң сом каралган.

«Баткенди дүйнөгө таанытып турган айгүл гүлүн сактап, аны коргоо керек. Туристтерге жакшы көрүнүш болушу үчүн айылдын босогосуна арка курмакчыбыз», - деген Замир Сапар.

Арканын макетин жасоого жарым жылга жакын убакыт кетип, аны айылдын жаштары өздөрү жасашкан.

«Эгерде көрсөтүлгөн акча топтолсо 2 ай аралыгында куруп бүтүрөбүз. Андан ары да пландарыбыз бар. Айгүл гүлүн сактоо үчүн гүл өскөн жерлерди тосуп, 5 жылга мораторий жарыялоо керек», - деген архитектор Заман Сапаров.

Арканын бийиктиги 9 метрди түзүп, капталынан караганда боз үй сыяктуу көрүнөт. Анын эки четине Козулан баатыр менен Айгүл кыздын айкелдери коюлат.

Марафондо канча акча топтолду?

Turmush басылмасы 2017-жылдын 13-сентябрда Баткен районунун Кара-Булак айылында «Айгүл гүлү — Баткендин символу» марафону өткөндүгүн билдирген.

Марафонду уюштуруучулардын айтымында, иш-чаранын алкагында Баткен облустук драма театрынын актерлору тарабынан айгүл гүлүнүн тарыхы, Козулан баатыр менен Айгүлдүн сүйүүсүн, өлүмүн чагылдырган спектакль коюлуп, ырчылар тарабынан ыр-бийлер аткарылды. Марафонго облустун, район-шаарлардын, мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү тургундар катышкан.

Марафон кутучасына ташталган акчалар:

- Баткен облусунун жетекчиси А.Халмурзаев облустун атынан 50 миң сом салды;

- Баткен шаарынын мэри М.Рахимов мэриянын атынан 30 миң сом, жеке өзүнүн атынан 5 миң сом;

- Баткен мамлекеттик университети 10 миң сом;

- Кадамжай району 75 миң сом;

- Лейлек району 80 миң сом;

- Исфана шаардык мэриясы 10 миң сом;

- Баткен шаарынын вице-мэри Мамасыдык Султанов 5 миң сом;

- Кадамжайдагы кытай ишкери 30 миң сом;

- Кызыл-Кыя шаардык мэриясы 10 миң сом;

- Кара-Булак айыл өкмөтү 35 миң сом;

- Баткен районундагы башка айыл өкмөттөр 15 миң сомдон ташташты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×