Turmush — Чүй облусунун Кемин шаардык кеӊешинин төрагасы Кубат Мамыров ушул жылдын 15-февралында мектеп окуучулары үчүн волейбол мелдешин өткөрдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Шаардык кеӊештин төрагасы Кубат Мамыровдун айтымында, спорттук мелдеш окуучулар арасындагы достукту, ынтымакты чыӊдап, аларды сергек жашоого жана спортко үндөө максатын көздөйт.
«Мектеп окуучуларын бош койбой, спорт, ар кандай пайдалуу ийримдер менен алаксытып, аларды сергек жашоого үндөп турушубуз керек. Мындан улам ушул мелдешти уюштурдук. Келген коноктор волейбол спорттун мыкты түрлөрүнүн бири экенин айтып, шаарыбызда атайын волейбол ийрими ачылса деген тилектерин, сунуштарын айтышты. Биз алардын сунушун кабыл алып, шаардык кеӊештен талкуулап, аны сөзсүз ишке ашырганга аракет кылабыз», - деди ал.
Оюндун жыйынтыгында жеӊүүчүлөр кубок, медаль, ардак баракча жана баалуу белектер менен сыйланышты.
Кемин шаардык кеӊеши жергиликтүү жана башка аймактардагы жаштар үчүн бир катар мелдештерди уюштуруп, спортчуларды ар тараптан колдоого жана коомчулукту сергек жашоого чакырууга салым кошуп келет.