Бөлүмдөр
Ишемби, 28-март

Баткен облусунда 4505 гектар аянтка буудай эгилди

Turmush -  Баткен облусу боюнча коронавирустун экономикага тийгизген кесепеттерин азайтууга багытталган аракеттер көрүлүп, бүгүнкү күндө облус боюнча жалпы жазгы талаа иштерине 48734 гектар жерге эгин эгүү пландаштырылды. Бул тууралуу облус жетекчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 24-мартка карата 24601 гектар жерге эгиндер эгилип, анын ичинен буудай аянттарынын көлөмү 4505 гектарга жетсе, арпа аянттарынын көлөмү 9506 гектарга жетти. Ал эми 700 гектарга картошка, 186 гектарга жашылча эгилип, 300 гектарга жаңы көчөттөр отургузулду.

Учурда күйүүчү май, минералдык жер семирткичтер жетиштүү. Баткен облусунда өндүрүш менен алектенген ишканалардын токтоп калуусуна жол бербөө максатында облустун элине керектүү импорттук сырьену ташууга тоскоолдук жок. Бүгүнкү күндө Баткен облусунун калкына керектүү товарларды ташуу үчүн коңшу мамлекеттер арасындагы чек ара посттору жабылган жок. Азык-түлүктүн запасы жетиштүү жана баасы туруктуу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×