Бөлүмдөр
Ишемби, 28-март

Баткенде карантин учурунда мас болуп унаа айдаган адам кармалды

Turmush -  Баткен ОИИБдин кызматкерлери учурдагы эпидемиологиялык абалга карата жарандардын коопсуздугун сактоо максатында жер-жерлерде маршруттук топторго бөлүнүп, коомчулукка түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Түзүмдүн маалыматына караганда, облус аймагына санитардык-карантиндик көзөмөл посттору коюлуп, кызматкерлер тарабынан аймактарга жарандардын кирип-чыгуусу көзөмөлгө алынган. Азыркы учурда аймактарда азык-түлүк дүкөндөрүнө жана дарыканалардын иштөөсүнө гана уруксат берилген.

1 түн ичинде санитардык-карантиндик көзөмөл постторунда жарандар тарабынан укук бузуу фактылары аныкталган жок. Ал эми Кадамжай шаарынын «Азиретали» постунда 1 жаран мас абалда унаа башкарып бара жаткан жеринен кармалып, айып пул салынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×