Turmush — Баткен районунун Рават аймагында бир канча чакырымдарга созулган Кемпир-Ыраак дубалы бар. Аймактык кабарчы анын таржымалын сураштырды.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, дубалдын түндүк тарабы Тактабоз жайлоосун ашып, Ак-Тоого карай кеткен болсо, түштүк тарабы Каравшин жайлоосу тарапка кетет.
Дубалдын Кемпир-Ыраак деп аталып калышынын себеби да дубалдын узундугу алыс, ыраак аралыкка созулуп курулушу себеп болгону айтылат. Дубалдын кайсы кылымда, ким тарабынан курулганы белгисиз. Ал таш жана ылайдан тургузулгандыктан аны бир канча кылымдар мурда курулганын байкоого болот дешет.
Айрым эл оозундагы уламыштарга караганда, илгери Баткендин ушул Ак-Тоо жана Каравшин аймактарын жердеген ашкан бай кемпир жашаган дешет. Ошол бай кемпир өзү жашаган аймакты дубал менен тостуруп, чеп курдурган. Бирок бай кемпирдин баласы болгон эмес. Байлыгына ээ болор мураскери болбогондуктан болгон байлыгын түндүктөн түштүктү карай дубал курдурган. Азыркы учурда дубалдын калдыктары айрым жайлоолордо гана сакталып калган. Айылга жакын жерлердеги талкаланып жок болгон.