Turmush — Бүгүнкү күндө дүйнө ыкчам түрдө өзгөрүп, жаштар глобалдык маданияттын таасиринде калып жатат. Ушундай шартта ар бир адам өзүнүн улуттук өзөгүн, туулган жери менен болгон байланышын сезе билгени өтө маанилүү.
«КЫРГЫЗДЫН 40 КЫЗЫ» долбоорунун максаты — Кыргыз Республикасынын ар бир районун ошол жерден өсүп чыккан үлгүлүү кызынын жүзү менен көрсөтүү. Райондун жүзү болгон кыз кичи мекениндеги улуттук баалуулуктар менен жуурулушкан чыныгы турмушту, ошол аймактын табиятын, тарыхын, каада-салтын, көйгөйүн жана кооздугун тааныштырат.
40 кыздын сөздөрү жөн гана жеке баян эмес, бул — райондун үнү, улуттун үнү!
«АКИpress» маалымат агенттигинин «Turmush.kg» маалымат сайты Кыргызстандагы 40 районду камтыган бул өзгөчө долбоорго 17 жаштан 36 жашка чейинки кыздарды катышууга чакырат. Редакция талапкерлерди өмүр баян жана сүрөтү менен таанышкандан кийин тандайт.
Электрондук дарек: aimak.akipress@gmail.com
Байланыш номуру: +996 (554) 65 60 25
«КЫРГЫЗДЫН 40 КЫЗЫ» долбоорунун бешинчи каарманы — Баткен районунун 32 жаштагы тургуну Самара Абдикаримова.
Менин атым Самара, 32 жаштамын. Мен Баткендин өзүнөн болом. Баткен районунун калкы 91 983 адамды түзөт. Район жалпы 9 айыл аймактан турат. Чек арага жакын жайгашкандыктан, бизде 2 анклав бар: Өзбекстандан Сох анклавы жана Тажикстандан Ворух анклавы.
Биз эс тартып калган кезден бери эле Өзбекстан жана Тажикстан менен соода-сатык жүрүп келген. Ошол учурда азык-түлүк, кийим-кече сыяктуу товарлар арзан болчу. Акыркы жылдардагы жаңжалдардан улам соода-сатык дээрлик токтоп, бир топ кыйынчылыктар жаралды. Бирок азыркы учурда абал жакшырып, баары акырындан калыбына келип жатат.
Чек ара чыры
2021-жылы жаңжал чыкканда маселе тез арада чечилип кеткен. Бирок кыргыз-тажик жаңжалы экинчи жолу кайталанганда, атышуулар биздин айылдарга чейин жетип, айрымдар айылдын ичине чейин кирип келген учурлар болгон.
Албетте, көп жылдар бою Москвада иштеп, балдарынын балалыгын көрө албай жүргөн жаш үй-бүлөлөр үй салып жатышкан. Бирок тилекке каршы, айрымдары өздөрү ошол үйлөргө көчүп кире электе эле, жаңжалдын кесепетинен үйлөрү жабыркап калды.
Чек ара чыры өрүк бышкан маалда чыккан. Ошол учурда элдин айрымдары качып кетсе, айрымдары калып калган. Качып кеткен үй-бүлөлөрдүн өрүктөрүн, унааларын, мал-мүлкүн алып кеткен учурлар да болгон. Биз жаңжал башталганда качып кетүүгө үлгүрдүк. Кайра үйгө кайтып келгенден кийин, үйүбүз аман-эсен экенине күбө болдук. Ал эми жарака кеткен жана жабыркаган үйлөргө өкмөт тарабынан компенсация катары акча төлөнүп берилди.
Таң эрте ок атылган үн менен ойгондук. Ошол учурда кичинекей балам болгону 3 айлык эле. Балдарды көтөрүп алып, чөнтөктө акча да жок, бир унаага 10дон ашык адам баткан бойдон качтык. Жакынкы райондорго барып, ошол жактагы үйлөргө убактылуу жайгашып калдык.
Башка жактын эли меймандос экен, бизди жакшы тосуп алышты. Чек ара маселеси чечилгенче 10 күн бою ошол жакта жашадык. Бирок кайра келгенден кийин деле коркуу сезими көпкө чейин кетпейт экен. “Эртең дагы жаңжал чыгып калабы, кайра уланабы” деген имиштерден улам түнү менен уктай албай кыйналган учурлар болду. Көп өтпөй өлкө жетекчилери тынчтыкты орнотуп, абал турукташты.
Кыргыз-тажик алакасы
Негизи Тажикстанда да кыргыздар жашайт, тажик жарандыгын алышкан. Ошол эле учурда бизде да тажик улутундагы жарандар бар. Бул жерде жөнөкөй элдин күнөөсү жок. Алар менен кадимкидей мамиле кылабыз, бири-бирибиз менен аралашып эле жашап келебиз.
Биз жакта тажиктер көбүнчө өзбекче сүйлөшөт, анткени өзбек тилин жакшы билишет. Мен орусча сүйлөгөн тажиктерди көрө элекмин. Ошондуктан алар менен негизинен өзбек тилинде баарлашабыз. Бирок кыргыздардын арасында да тажик тилин билгендер бар.
Өзгө өлкөнүн атынан экспорттолгон Баткен өрүгү
Мисалы, бизде өрүк жакшы өсөт, көпчүлүк продукция өзүбүздөн чыгат. Алардын өрүгү аз, болгондо да Баткендикине жетпейт: бышкан жеринде эле жумшарып, жалпайып калат, сорту башка жана көпкө сакталбайт. Ал эми биздин өрүк сорттору ар түрдүү болгондуктан, аны кургатып, даяр болгондон кийин Тажикстанга өткөрүп берип коёбуз. Алар болсо биздин эле өрүккө өздөрүнүн этикеткасын, брендин чаптап, таңгактап алып, Кытайга жана Россияга экспорттоп келишет.
Мындан сырткары, биздин баткендиктердин арасында да ортомчу болуп, бизден өрүктү арзан баада сатып алып, кайра Тажикстанга сатуу аркылуу пайда көргөндөр бар.
Биз өзүбүз өрүктү чет өлкөгө экспорттогубуз келсе, кээде билим жетишпейби, кээде эрк жетишпейби, же болбосо уялабызбы — айтор, Баткен өрүгүн бренд катары чыгара турган адамдар азырынча аз. Бирок кудай буюрса, акырындан аракет кылып, таңгактоочу аппараттарды алдырып, аз болсо да иш баштап жатабыз.
Үзүлүп, тепсендиде калган Айгүл гүлү
Баткен облусунун негизги символдорунун бири — Айгүл гүлү. Бул биздин эң сыймыктанып айта турган гүлүбүз. Айгүл гүлү табигый түрдө Баткен районунун Кара-Булак айылындагы Айгүл-Таш тоосунда өсөт. Ал таштардын үстүндө, күн тийбеген тескей бетинде чыгат. Апрель айынан майдын башына чейин, жалпысынан 25 күндөй гүлдөйт.
Айгүл-Ташка келген айрым адамдар баалуу гүлдүн кадырын билбей, үзүп салып кетишчү. Биз үзүлгөн абалдагы топ-топ гүлдөрдү көп жолу байкаганбыз. Гүл катуу кордолуп кеткендиктен, Айгүл-Ташка 5 жылга кирүүгө тыюу салынган.
Кыздарга сулуулуктан көрө эмгек көбүрөөк талап кылынат
Баткен районунун кыздары чындыгында эр жүрөк, турмушка бышкан кыздар. Шаардыктар “кантип силер оор жумуштарды кыласыңар?” деп таң калышат. Бизде жумуш “эркектин иши”, “аялдын иши” болуп бөлүнбөйт.
Жаз келери менен дыйканчылык башталат. Ошондо 3-4 ай бою таңкы саат 6да туруп алып, талаага кетебиз. Күндүн ысыгы 40 градуска чейин жетсе да, түшкү тамакты ошол жерде ичип алып, кайра иштей беребиз. “Күн ысык, бетибиз күйүп кетти” деген түшүнүк жок — ишти бүтүрүү маанилүү.
Кечинде үйгө келип, үйдү жыйнап, тамак жасайбыз. Анан кайра эртең менен туруп талаага жөнөйбүз. Кыздар канча чарчаса да, өздөрүн чарчабагандай кармап жүрүшөт. Балким ошон үчүн биздин Баткен районунун кыздарын көбүнчө өзүбүздүн эле айылдарга же коңшу айылдарга келин кылып алып калышат.
Бизде сулуулуктан көрө эмгек көбүрөөк талап кылынат. Ошол эле учурда күнгө күйүүнүн алдын алып, өзүнө кам көргөн айымдар да бар. Азыр күндөн коргой турган атайын кепкалар да чыгып жатат. Бирок көпчүлүк айымдар ысыктын айынан бат картайып калат деп ойлойм: беттерине бырыш түшөт, анткени баарынын эле крем, күндөн коргонуучу каражаттарды алууга мүмкүнчүлүгү жете бербейт. Ошондуктан бат картайып, бетине бырыш түшүп, өзүн унутуп койгон айымдарыбыз да жок эмес.
Саат 18:00дөн кийин көп жер иштебейт
Бизде ыйманды биринчи орунга коёт. Саат алтыдан кийин көчөгө көп чыкпайбыз. Райондун борбору Баткен шаары болгонуна карабай, саат 18:00дөн кийин көп жер иштебей калат. Түнкүсүн иштей турган кафе-ресторан, клуб дегендер бизде жок. Андай жайларга тыюу салынган, эл өзү да андай жерлердин ачылышына жол бербейт.
Акыркы катталган жаңжалдардан кийин да бизде “көздөй көчүп кетели” деген ой болгон жок. Баткенди эч кимге бергибиз келбейт. Анткени ар кимдин өзүнүн туулуп-өскөн жери бар, аны эч ким таштап кеткиси келбейт. Мисалы, Баткенден Бишкекке барсак да, Бишкек бизге Баткендей болуп бербейт.
Баткенден экенимди сыймыктануу менен айтам
Бизди бул жерге элибиздин эр жүрөктүгү, кең пейилдиги тартып турат. Буга чейин “Баткен” десе эле жөн гана “аа” деп коюшчу. Азыр болсо “Мен Баткенденмин” деп сыймыктануу менен айта алабыз.
Башка облустардагы адамдар да “силер күчтүүсүңөр, жаңжал силердин аймакта болду, биз жардам көрсөткөнбүз” деп айтып калышат. Чынында ошол учурда башка облустардан көп жардам келген: азык-түлүк, кийим-кече жана башка колдоолор көрсөтүлгөн. Эми мындан ары Баткенде жалаң тынчтык болсо экен дейбиз. Келечек муун — балдарыбыз татыктуу билим алып, өз жеринде отурукташып, тынч, бейпил өмүр сүрсө экен деген ойдобуз.
Буга чейинки каармандар:
1. Кажамжай районунун кызы — Алина Исакова
2. Өзгөн районунун кызы — Кумара Токсобаева
3. Ат-Башы районунун кызы — Айсунат Адилетова
4. Нарын районунун кызы — Бегайым Советова